Келээрки президенттик шайлоого эртелеп талпынган талапкерлердин бири Т.Сариев өзүнүн акыркы аракеттерине караганда “Өнүгүү прогресс” партиясынын лидери Б.Төрөбаев менен бир кайыкка түшчүдөй түр көрсөттү дегенибиз 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Б.Төрөбаевдин партиясын ачык колдоп, аталган партияны элдин асмандан издегенин жерден таап берген партия дегендей эле ачык мактоого өткөнү коомчулукту ушундай ойго түрттү. Демек, түштүк тың чыкмаларынын бири болуп эсептелген Бакыт Төрөбаев менен тандемге баруусу да мүмкүн экени анын айткан пикирлеринин жандырмагында көрүнүп турганында. Ошентип эртең Сариев Төрөбаев тандеми түзүлсө таңкалуунун кереги жок. Бирок, негизги кептин өзөгү алар канчалык деңгээлде ошол чоң аламанда таасир көрсөтө алат? Кеп ошондо… Анткени, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи: “аттын баары тулпар эмес, куштун баары шумкар эмес” дегендей…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ