Menu

Орус тилдүү имамдардын билимин жогорулатууга арналган семинар ийгиликтүү аяктады

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Башкортостан Республикасынын дин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдарын окууту семинары өз ишин ийгиликтүү аяктап, имамдарга сертификат менен бирге күбөлүктөр тапшырылды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Сертификат тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин  орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана Орусия Ислам университетинин проректору Нафиков Дамир, Орусия Ислам университетинин «имамдарды кайра даярдоо» кафедрасынын башчысы Якибаев Юсуф катышты.

Имамдарга уюштурулган 5-күндүк семинар республикабыздагы орус тилдүү имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатууга арналып, семинардын жүрүшүндө мазхаб, акыйда, фыкх маселеринде лекциялар өтүлүп, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген 32 имам аталган семинарды ийгиликтүү аякташты.

“Семинардын башкы максаты эки өлкөнүнүн дин кызматкерлеринин ортосундагы мамилени бекемдеп, салттуу динибизди жайылтууда, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө жана башка маселелерде тажрыйба алмашуу болуп саналган. Семинар өтө жемиштүү өтүп, өз максатына жетти”, – дейт Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми Орусия Ислам университетинин проректору Нафиков Дамир тажрыйба алмашуу максатындагы уюштурулган семинарда бир топ пайда алгандыгын айтып, иг чаранын уюштуруучуларына ыраазчылык билдирди.

«Биринчиден Кыргызстандын жалпы мусулмандарына саламымды айтып Алла Тааланын  тынчтыгын каалайм. Адам билим алганга караганда билгенин бирөөгө үйрөткөн оор. Биз бул жактан имамдарды окуталы деген гана максат менен эмес, биз дагы сиздерден таалим тарбия алып, билим берүү, ажылык, үгүт-насаат жана уюштуруу жаатында да тажрийба алмашып, сиздерден да сабак алалы деген максатта келген элек. Кыска мөөнөттө абдан чоң ийгиликтерге жетиштик. Мындай иш чараларды дагы көп-көп уюштуруп турсак дагы жакшы болот»,- деди өз сөзүндө Орусия Ислам университетинин проректору Нафиков Дамир.

Эки өлкөнүн ортосунда абдан тыгыз байланыш бар деп сөзүн баштаган КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов бул семинар эки өлкөнүн дин кызматкерлеринин бири-бири менен тааныщып, тажрыйба алмашуусу экендигин белгилеп, узак жолду басып келген Орусия Ислам университетинин проректоруна жана кафедра кызматкерине ыраазычылыгын билдирди.

Сертификат тапшыруу аземинин соңунда келген коноктор борбордук Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы Орусия Ислам университетинин атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына компьютер белек кылышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: