Ашхабад аэропортунда чек ара кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн кол баштыктарын мажбурлап текшеришип, дары-дармектерин алып коюшууда.
«Беларустан кышкы эс алуу үчүн келе жатканда Ашхабад аэропортунда мени бажы кызматкерлери чакырышып, баштыгымды аңтарышты. Анда апамдын жүрөк оорусу үчүн «Корвалол», «Валидол», баш оору үчүн «Цитрамон» менен «Парацетамол» бар болчу. Дарыкананын чеги дагы бар эле. Ага карабай, протокол түзүп, айыппул салабыз деп коркутушуп, дарыларды алып коюшту», – деди Беларустагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент.
Анын айтымында, бажы кызматкерлери дары-дармек алып кирүүгө тыюу салган документтерди көрсөтүшкөн эмес.
Түркмөнстанда медициналык препараттар тартыш болууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары кабарлагандай, айрым аймактарда инъекция үчүн ийне дагы табылбай калууда.
2017-жылы Түркмөнстанда дары-дармектин баасы бир нече жолу кымбаттаган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ