Орусия Дүйшөмбү шаарынын четинде жайгашкан Айни аскердик аэродромун биргеликте же жеке колдонууга кызыктар. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов билдирди.
Дипломат Игорь Лякин-Фролов маалымдагандай, учурда Айниде төрт аскердик тик учак жайгашкан, алар орусиялык 201-базага таандык. 2015-жылы октябрда Орусия ал базаны күчтөндүрүп, тик учактарды жана аскердик унааларды жайгаштырган.
Айни аскер аэродрому Тажикстанга СССРден мураска калган. Объект Дүйшөмбүнүн батыш тарабында 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аэродром 2007-жылы Индия адистеринин реконструкциясынан өткөн. Дели жаңылоо иштерине 70 миллион доллар бөлгөн.
Айни аскер аэродрому совет аскерлери Ооганстанга кирип барган учурда колдонулган жана бардык типтеги аскердик аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ