Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Чүй облусунун Кемин районуна барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекет башчысы иш сапары менен Чүй облусунун Кемин районуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Кемин районундагы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган  монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү «Астра Солар Технолоджис» ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: