Menu

Равшан Жээнбеков: “Өмүрбек Бабановду күчтүү саясатчы деп айтпайм”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, кыргыз саясатында кызык абал жаралды. Оппозиция дээрлик жок болуп турат. Бийликтин дагы абалы жакшы эмес. Оппозиция менен бийлик тууралуу кандай тыянак чыгарып жатасыз?

– Мен бүгүнкү саясий абал боюнча эки нерсени айта алам. Биринчиси, бүгүн бийликке жеткиликтүү деңгээлде каршылык көрсөтө ала турган оппозиция жок. Жакынкы убактарда жаралуу мүмкүнчүлугү дагы аябагандай төмөн, жокко эсе деп койсок да болот. Ошондуктан, бийликте өздөрүнүн адамдарын кызматка койгонго, шайлоону каалагандай өткөргөнгө, мамлекетте маанилүү реформаларды жасаганга аябагандай көп мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бийлик мамлекетти каалагандай башкаруу мүмкүнчүлүгүн алды. Экинчиси, мамлекетте абал курч бойдон калууда. Бийликке болгон нааразычылык коом, граждандык коомдор, саясатчылар тарабынан жеткиликтүү деңгээлде курч болуп турат. Буга кошумча экономикалык абал оор. Россия, Казакстандан жеткиликтүү деңгээлде каражат жагынан жардам ала албайбыз. Бюджеттин абалы кыйын. Ушул фон менен алганда, бийликтин дагы оппозиция сыяктуу абалы оор. Эгерде бийлик кайсыл бир жерден маанилүү ката кетирип ала турган болсо, элди көчөгө алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бийлик бул жагынан бир топ абайлашы керек.

– Атамбаев камалып, ага удаа эле абактагы саясатчы Текебаев үй камагына чыкты. Ушул фон менен саясатты анализдей турган болсок, саясий нук кандай негиз менен жүрүүдө?

– Бизде кайсыл бир саясатчыларды камай турган болсо, саясатчыларга карата саясий чечим кабыл алынса, ар дайым түндүк-түштүк маселесин эске алабыз. Саясатчылардын бирин коё берип, экинчисин жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн эске алабыз. Атамбаев менен Текебаевге байланыштуу иш дагы ушундай маселелердин бири. Эч кандай сот адилеттүүлүгүнө тийешеси жок саясий чечимдер. Жакынкы убактарда мындай чечимдер дагы болушу мүмкүн. Анткени ресурстуу, күчү бар абал түзүлүп калса бийликке каршылык көрсөтө ала турган бир эле саясатчы калды. Бул – Өмүрбек Бабанов. Калган саясатчыларда ресурс жок,биз сөзүбүздү, көз карашыбызды айтышыбыз мүмкүн.

– Өмүрбек Текебаев үй камагына чыкканда, көпчүлүк ушул киши саясий погоданы өзгөртөт деген пикирге токтолду. Бул киши мурункудай калыбына келип, саясий абалды өзгөрткөнгө таасир берген чоң фигурага айлана алабы?

– Жок, азыр Текебаевде андай ресурс жок. Ал киши каражат, медиалык ресурстарын жоготуп алса, саясий ишеним ресурсу дагы бир топ жоголду. Кандай болгон күндө дагы 6 жыл Атамбаевдин командасында иштеди. Текебаев Атамбаевдин көп туура-туура эмес иштерин пикирлеши катарында мыйзамдаштырып берди. Аны өзү дагы жашырбай ачык эле айтып жатат. Ошондуктан Текебаевдин саясатты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп айта албас элем. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде саясатта ролу болот. Өмүрбек Текебаев чечүүчү ролду ойной албайт. Бабанов коркпой саясатка активдүү кире турган болсо, чечуүчү ролду ойномок.

– Текебаев президент Жээнбеков тарапка жылуу пикир айтып, аны мактагандай болуп калбадыбы. Анын мындай пикири коомчулукта “Текебаев бийликтин камчысын чапканга макул болгон” деп бааланды. Саясатчы катары ушул пикир менен макулсузбу?

– Текебаевди профессионал саясатчы катары эсептейм. Ал саясатта компромисске барганды билген, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргой алган, зарыл учурда идеологиялык көз карашынан баш тартып, жеке кызыкчылыгы менен саясатты алып бара алган саясатчы болуп саналат. Ошондуктан Жээнбековго кошомат кылып аны же муну айтып жатат деп айта албас элем. Текебаев саясий конъюнктурага жараша өзүнүн көз карашын өзгөртүшү мүмкүн. Бүгүн кандайдыр бир деңгээлде бийликке көз каранды катары жылуу сөздөрдү айтышы мүмкүн. Бирок, саясат өзгөрө турган болсо, сөзсүз түрдө өзүнүн позициясын жылдырганга күчү жетет.

– Сиз Бабановду бийликке каршылык көрсөтө алчу учурдагы чоң фигура катары сыпаттап жатасыз. Бирок, ал киши тергөөгө барып жатып “Каматпаганы үчүн президентке рахмат” деп өзүнүн бийликке каршы чыга албай турган саясатчы экенин далилдеп койбодубу?

– Бул убактылуу артка чегинүү болуп эсептелет. Эгерде эртең саясат курчуп, бийликтин абалы оорлоп баратканын сезе турган болсо, баардык саясатчылар бийликке каршы чыгат. Өздөрүнүн кызыкчылыктарын жылдырганга аракетин көрөт. Өзгөчө азыркы бийликтен ыдык көрүп жаткан саясатчылар сөзсүз түрдө жооп бергенге аракетин жасашат. Өмүрбек Бабановду күчтүү саясатчы деп айтпайм. Аны ресурстуу саясатчы деп айттым. Бабанов профессионал саясатчы катарында саясий, идеологиялык, мамлекеттик түзүлүшкө болгон көз караштары быша элек саясатчы. Абал оорлоп баратса анын тегерегине коомдун, маалымат каражаттарынын тобу чогула калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгону үчүн ресурстуу деп эсептеп жатам.

– Бабанов ушул күнге чейин жүргүзгөн саясаты боюнча жалаң бийликтин чокусундагы адамдар менен иштешип, ресурс топтогон саясатчы катары сыпатталат. Ал бир дагы жолу бийликке ачык түрдө каршы чыга алган саясатчы болгон эмес. Бийликке каршы болчу саясатчыларды жанына топтобогон. Кантип аны бийликке каршы чыкчу саясатчыларды тегерегине топтой алчу фигура деп эсептеп жатасыз?

– Биздеги ресурстуу саясатчылар дайыма саясатта болбойт. Бийлик алсырап, кыймылдай турган убак келгенде баардык саясатчылар активдешет. Ошол мезгилде ресурстуу саясатчылардын ролу маанилүү болуп чыга калат. Бабанов ошондой учурда ресурсу бар саясатчы катары тегерегине саясатчыларды бат чогулта алат деп басым жасап жатам.

– Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши боюнча “Москва, Астана кийлигишти, ортомчулар ошол тарап болду” деп айтылып жатат. Кремль же Ак-Орда бизде расмий бийлик турса дагы, Бабановго “ставка” коюп, аны бийликтен көргүсү келет деп саноо логикага сыябы?

– Россияда бийликтин тегерегинде ар кандай саясий топтор бар. Мисалы, Кыргызстан менен иштеген 5-4 топ бар деп коёлу. Анын бири бийликти колдосо, бири шарттуу түрдеө Атамбаевди, бири Бабановду колдойт. Ошол саясий топтор Кремлден кандайдыр бир кепилдикги алып бериши мүмкүн. Казактарда деле ошондой. Алардын Кыргызстанда экономикалык кызыкчылыктары көп. Казактар ортомчулук сунушун берип, Кыргызсганга келгенге жардам бериши мүмкүн. Логикалык анализге таянып, коомдогу айтылып жаткан сөздөрдү туура деп айтсак болот.

– Бабанов бир канча иш менен айыпталып, тергөөгө каттап жатат. Келечеги кандай болот деп анализ чыгарып жатасыз? Иштеринин баары жабылып калаарына ишенесизби?

– Бул иштер жабылбайт. Анткени, саясатташып кетти. Азыр Бабановдун корко турганы шайлоо учурундагы козголгон кылмыш иштери эмес, экономикалык иштери. Каржы полициясы тергеп жаткан Кыргызстандын тегерегиндеги экономикалык иштер аябагандай кыйынчылыктарды алып келип коёт. Ошто сүйлөгөн сөзү, мамлекеттик төңкөрүштү даярдаган дегендер саясий иш. Саясатчылар бул жагынан коркпойт. Экономикалык иштерди канчалык созгон сайын, саясатчыга ошончолук таасирин тийгизип, тарапташтарын жогото баштайт. Эгер, Бабанов баарына чыдап, сөз айта албай, бийликке кайра-кайра ыраазычылыгын билдире бере турган болсо, кадыр-баркын, саясий позициясын жоготот. Тарапташтарын жоготуп, элдин үмүтү үзүлдү дегенде бийликтин камакка алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

– Оппозиция менен бийликтин келечеги алдыда боло турган парламенттик шайлоодон көз каранды болуп жатпайбы. Чукул арада шайлоого баруу кайсыл тарапка утуш алып келгени турат?

– 2020-жылы күздө шайлоого барганга караганда чукул арада баруу бийликке пайдалуу. Канчалык шайлоо кеч болгон сайын, экономикалык, социалдык абал начарлап, бийликтин кадыр-баркы ошончолук кете берет. Шайлоодон өздөрү каалагандай добуш алуу мүмкүнчүлүгү азаят. Менин анализим боюнча шайлоонун өтүшү оор болуп, жыйынтык чыгышы кыйынга турат. Ошол жыйынтык менен өлкөдө дистабилдүүлүк болуу коркунучу бар. Акчасы көп партия болсо дагы, шайлоодо 9 пайыздан ашык добуш алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөп кетти. Баардык партиялар, саясатчылар, керек болсо бийлик дагы кенен союздарды түзгөнгө, көп саясатчылардан турган курамды түзгөнгө мажбур болуп, ошол аркылуу шайлоону тынч өткөргөнгө шарт түзүлүшү мүмкүн.

– Сез кылып жаткан эки Өмүрбектин шайлоого баруу мүмкүнчүлүгү канчалык? Алар саясий оюндан четтеп калуу мүмкүнчүлүгү дагы барбы?

– Бийликтин көз карашы менен карай турган болсок, көп саясатчыларды шайлоодон өткөргүсү келбейт. Мисалы, мурунку бийлик 2015-жылы мага окшогон саясатчыларды алдын ала кара тизмеге киргизип, шайлоодон өткөзбөй коюшкан. Азыр деле бийлик ошондой кадамга барышы ыктымал. Кара тизмеде Бабанов, Текебаев болушу мүмкүн. Текебаевдин, Бабановдун парламентте болгону бийлик үчүн бир топ көйгөй жаратат. Ошондуктан, келечекте экөөсүнө бийлик тараптан каршылык көбүрөөк болот деп айтсак туура болот.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: