23-апрель күнү Бишкек шаарында “Robot Competition” робот таймашы болуп өттү. Таймашка 50 долбоорлор менен Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.
Бардык сынактардын жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинин командасы биринчи оорунга ээ болсо, ал эми башталгыч мектептер арасында сынакта “Сейтек- Тунгуч” мектебинин командасы жеңишке жетти.
Таймаштын алкагында бийлөө, робот унаалардын жарышы, сумо жана бокс мушташы сыяктуу сынактар болду. Окуучулар роботторду “Лего” конструкторлордон чогултуп жана ал роботторго кыймыл берүүчү программаларды жазып даярданышкан.
Були иш-чара быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. “Роботор” таймашынын негизги максаты – бул окуучуларды роботтор дүйнөсү менен кеңири тааныштыруу болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ