Жаңы үлгүдөгү бланктарды ишке киргизүү боюнча жыйында премьер-министр М.Абылгазиев улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук жаңы күбөлүктөр, ошондой эле транспорт каражатын каттоо жөнүндө документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болорун убада кылды.
Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо 2019-жылдын 26-июлунан бери жүрүүдө. Баасы 770 сомдон (10 евро) 192 сомго чейин түшүрүлгөн.
Өкмөт башчы жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендерди “Госзнак” ЖЧКсы жеңип алганын билдирди.
Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктөрдүн бланкасы 925 сом (12 евро) болсо, азыр 100 сом 86 тыйын түзүптүр. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин түшкөн. Күбөлүктөрдө бардык талаптар каралган. 20дан ашык коргоо элементтери бар. Анын жасалмасын чыгаруу кыйынга турат. Жаңы үлгүлөрдү берүү 2019-жылдын ноябрынан башталат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ