Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолугушту.

Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерде өнүгүү орун алып жаткандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр индиялык тарапка дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, Улуттук онкология и гематология борборунда «Бабатрон 2» нур терапиясы аппаратынын орнотулушу жыйынтыкталгандыгын жана ал бейтаптарды кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.

Сапар Исаков ошондой эле өлкөнүн Өкмөтү чет элдик түз инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын, буга байланыштуу «Индиянын дүйнөдөгү ролу» Дүйнөлүк экономикалык форумунун сессиясынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн ири индиялык ишкерлер менен байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өкмөт өлкөдө санариптик трансформациялоо процессин ишке ашырууда. Ачык мамлекетти куруу, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу, ошондой эле бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу максатында «Таза Коом» санариптик трансформациялоонун улуттук программасы ишке киргизилген, анын негизги максаттарынын бири өлкөдө бизнес жана инновациялар үчүн Жибек Жолунун санариптик аймактык хабын түзүү болуп саналат», – деди Сапар Исаков.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы «Таза коом» жана «Digital India» программаларын ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча эки багыттагы эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүндүктөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы КР мамкызматкерлери үчүн санариптик билим алууну уюштуруу боюнча өтүнүчүн билдирди.

«Индия Таза Коом долбоорун ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр. Биз бардык багыттар боюнча ырааттуу иш алып барууга даярбыз», – деди Мушабар Джавад Акбар.

Андан соң тараптар өткөн жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн «Заманбап светтик мамлекеттеги ислам» эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктарын талкуулады,

Буга катар Өкмөт башчы индиялык спорттук делегацияны 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: