Береги сүрөттө Данияр Абдыкаров 2010-жылы 6-апрелде элди атып атканы боюнча образы тартылып турат. Агезде Талас ОИИБнин милдетин аткаруучу болчу. Данияр Абдыкаровдун ошол аткан октору үч адамга тийгени боюнча бүгүн ачыкталабы? Элге карты ок чыгарган кызматкер кайсы абийири менен бүгүн ИИМдин орун басары болуп отурат? Эске салсак, ошол Таластагы коогалаң күндөрдө ОИИБдеги курал-жарактар тонолуп кетип, анын кесепетинен Абдыкаровго башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону, кийин «жең ичиндеги сүйлөшүүлөр» аркылуу жабылганы кандай? Бүгүн эмне үчүн мындай оор иштерге жооп жок?.. Кызыгы, жакынкы күндөрү Данияр Абдыкаров президент Сооронбай Жээнбековго кирип чыгып, кызмат ордунда сакталып калуусу боюнча «соодалашып», анан катыны жана туугандары менен ой-да жууп, шапар тепкени эл ичинде кызуу талкууга алынууда. Атамбаевди сатып алганы айтылган Абдыкаров эми Жээнбековду да «пулдап» алса, анда кайсы арыбызга коррупцияга карты күрөшөбүз?..
Кубат Карачев
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ