Бүгүн, 10-июлдун кечинде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Алмаз Атамбаевди 11-июлга, саат 10:00го кайрадан суракка чакырды. Чакыруу кагазын Кой-Таш айылынын участкалык милиционери Атамбаевдин үйүнө алып келип, анын өкүлү Нурбек Касымбековго тапшырды.
Атамбаев ал президент болуп турган 2013-жылы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган.
Атамбаевге суракка чакыруу кагазы ушуну менен экинчи жолу тапшырылууда. Буга чейин 8-июлда да участкалык милиционер Атамбаевге 9-июлга, саат 10:00го ИИМдин тергөө башкармалыгына чакырган кагаз тапшырып кеткен. Анда Атамбаев суракка барбай турганын журналисттерге билдирген. Бүгүн барар-барбасын айткан жок.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ