Menu

Тагдыр: “Агайымдан боюма бүткөндө ага турмушка чыктым”

Бөлүшүү:

Студент кезде ашык болгон агайына арзуусун арнап, боюна бүтүп калганда ага турмушка чыккан Айгеримдин бул баяны кызыктуу экен. Учурунда бири үй-бүлөлуү мугалим, экинчиси жогорку окуу жайын аяктаган жаш селки болгонуна карабай экөө тең жеңил ойлуулукка алдырышкандан кийин, акырында кол кармашып, учурда тагдырдын сыноосун баштарынан өткөрүп жатышкан бул каармандарыбыздын окуясы тууралуу гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк.

—Мындай тагдырга туш болушума эч качан өкүнбөйм. Эмесе кеп башынан болсун. Мектепти бүткөндөн кийин шаарга келип өзүм тандаган кесип боюнча жогорку окуу жайлардын биринде окуп калдым. Арадан беш жыл өткүчө жалаң окуу менен алек болуп жигиттер менен сүйлөшкөн деле жокмун. Бирок, бизге сабак берген агайымды жактырчумун. Анын үй-бүлөлүү экенин билсем да ага анча деле маани берген эмесмин. Агай сабак өтүп жатып башка кыздарды карап жылмайып койсо кадимкидей кызганчумун. Ошентип агайыма ашык болуп жүрүп 5-курсту аяктап бүтүрүү сынактарын тапшыра турган учур да келип жетти. Дипломду колубузга алгандан кийин аны мугалимдерибизге майлап бермей болуп, өзүбүз окуган окуу жайдагы кенен иш бөлмөлөрдүн бирине жакшылап дасторкон даярдадык. Мугалимдерибиз менен чогуу болгон бул кече баарыбызга аябай жакты. Алар үчүн даярдалган ичимдиктер улам ичилген сайын кечебиз ого бетер шаңга бөлөнө баштады. Ошол учурда баягы агайым мени уурданып тиктеп жатканын байкап калдым. Ал мени сыртка чык дегенсип ишарат кылды. Коридорго чыксам күтүп турган экен. “Айгерим, жүрсөң сенде сөз бар эле” деп мени ээрчитип алып үчүнчү кабатка көтөрүлүп өзүнүн иш бөлмөсүнө барды. Бөлмөнү ичинен бекитип диванга отургандан кийин мени жанына чакырды да:

—Бүгүнкү кече сага жактыбы? – деди белимен имере тартып.

Ошондо денем дүркүрөй түшкөнсүп бир кызыктай абалда болуп:

—Агай, албетте, мындай кече кимге гана жакпасын – дедим ичимдеги “градустун” күчү менен кылыктанып.

—Жаным менин, сен ушунчалык керемет жансың, – деп агайым жанталашып алкымымдан аймалай баштады.

—Коюңузчу агай, уят эмеспи – деп бир аз каршылык көрсөткөнсүп акырында ыгына көнө баштадым.

Оттой ысык эриндерибиз чапталышып, экөөбүз эстен тана дивандын үстүнө куладык. Андан кийин ичимдиктен тышкары махабатка мас болгондуктан эч нерсени сезбей калыптырмын. Эсиме келсем “болоор иш” болгон экен.

—Айка, сен мага чоң белек тартуулаганы жатасың. Келинчегим ден-соолугуна байланыштуу төрөбөй калган. Үйлөнгөнүбүзгө 12 жыл болсо да наристелүү боло албай койдук. Менде баары жетиштүү. Бир гана бала жытына зар болуп жүрөм. Эгер уул төрөп берсең мен сени өмүр бою бактылуу кылам. Андыктан бир аз убакыт өткөндөн кийин доктурга көрүн.Калганын мен өзүм бүтүрөм, – деп чечкиндүү сүйлөдү.

Муну укканда агайым аябай кубанды. Акыры чындыкты апама айтмай болуп, ага телефон чалып атайын шаарга чакырдым. Апам шаарга келгенде буга чейинки башымдан өткөн окуялардын баарын ага шашпай айтып бердим. Ал башында ыйлап:

—Ошондой де. Кызым, сен үч уулдун арасында жалгыз болгонуң үчүн кечирем. Бирок атаң укса бул жоругуңду кандай кабыл алат болду экен? – деп бир сыйра кыжалат болду.

Апам айылга барып атама иштин жайын айтканда “ошондой кыздын барынан жогу” деп үйдөн тополоң чыгарган экен. Бул тууралуу агайыма айтсам:

—Атаң бизди эртеби-кечпи баары бир кечирет болуш керек – деп күтүүсүз чечим кабыл алып, шаардагы өзүнүн үйүн сатып жиберди.

Учуру келгенде мен да аман-эсен көз жарып алдым. Уул төрөгөнүмө сүйүнгөн агайым өзүнүн досторун чогултуп чакан тойчук өткөрдү. Эми андан бери үч жылга жакын убакыт болду. Агайымдын сунушу менен баардыгын жыйыштырып Алматага кетип калганбыз. Экөөбүздүн тең туруктуу иштеген ишибиз бар. Мен аз келгенсип, ал дагы ага-туугандары менен эч байланышпайт. Анын айтуусуна караганда бизди атам кечирип, жакшы кабыл алгандан кийин гана баары менен катташа баштайт окшойбуз. Мунун баары тагдырдын сыноосу экендигин экөөбүз тең сезип жатабыз. Менин бул жашоодо бактылуу болгонум-ашык болгон адамыма турмушка чыкканым. Мындан артык эч нерсенин мага кереги жок…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: