Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жалпы жамааты 2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жана 2017-жылдын 3-5-майларында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүштү. Бул туурасында аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим мамлекеттик агенттиктин жалпы жамаатынын чогулушунда кабыл алынды.
Мамлекеттик агенттиктин жамааты кырсыктан курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана азасы менен тең бөлүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ