Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Ачык эшиктер» күнү уюштурулду. Буол туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.
Бул күнү аталган жогорку окуу жайга шаарлардагы, райондордогу мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата- энелер келишти. Аларды жылуу маанайда кабыл алган ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов жогорку окуу жайда заманбап билим берилерин, бул жерде жетишип чыккан юристер Кыргызстанда эле эмес, ири өнүккөн мамлекеттерде да татыктуу кызматтарда ишеп келаткандыгын сыймыктануу менен үлгү катары айтып өттү. Андан кийин аларга институттун тарыхын жана азыркы турмушун сүрөттөгөн видеотасма көрсөтүлүп, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланды.
Институттун окуу корпустарын айланган мектеп окуучулары түрдүү китептер менен камсыздалган китепканаларды, интернетке байланыштырылган компьютердик класстарды, заманбап каражаттар менен камсыздалган криминалистикалык полигонду, соттук отурумдар залын, спорттук комплекстерди жана талаптагыдай жасалгаланган аудиторияларды көрүп, бул жерде эл аралык стандартта билим алууга ынгайлуу шарттар барлыгына ынанышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ