Menu

АКШ: Тажикстанда дин тутуу эркиндиги сакталбай жатат

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар диний эркиндиктин чектелишине байланыштуу Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондуруу жараткан” он өлкөнүн катарына кошту.

Былтыр апрелде АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) Тажикстанды дин тутуу эркиндигин камсыздоодо “өзгөчө кооптондуруу жараткан” өлкө деп атаган.

Баяндаманын авторлору Тажикстанда мусулмандарга эле эмес, протестант жана христиандарга да кысым көрсөтүлүп жатканын жазган. Өткөн жылы тажик чиновниктери экстремизмге каршы күрөштүн шылтоосу менен мечиттерде видеокөзөмөл камераларын орнотушкан.

35 жаштан төмөнкүлөр ажылык сапарга бара алышпайт, Дин иштери боюнча комитет имам-хатибдерди дайындоо иштерин көзөмөлдөп жатканы белгиленген. Мусулман-исмаилиттер коомдук-диний чогулуштарды Душанбедеги Исламиттер борборунда гана өткөрө алышат.

USCIRF баяндамасында билим берүү мекемелеринде жоолук салынууга тыюу салынганы, 50 жаштан төмөнкүлөрдүн сакал коюу укугуна ээ эместиги айтылган. Былтыр милиция кызматкерлери өлкөдө жүздөгөн кишилерди кармап, мажбурлап сакалдарын алдырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: