Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат

Бөлүшүү:

«ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиафорумунун ачылышында.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Медиафорумдун катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

Мен баарыңарды меймандос кыргыз жеринде көрүгөнүмө кубанычтамын!

Кыргыз Республикасынын ШКУда төрагалык кылган жылында бизге ЖМК тармагын караган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууу жагымдуу.

Биз Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медиа-уюмдарынын өкүлдөрүн жана ошондой эле ШКУга байкоочу өкүлдөрүнө салам жолдойбуз.

Сиздердин эмгегиңерди жогору бааларыбызды баса белгилейм.

Сиздер биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүт дүйнө үчүн чоң иш жасап жатасыздар.

Медиа – учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат.

Мен кошумчалайт элем: адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт.

Сиздердин позицияңардан, сиздердин жоопкерчилигиңиздерден ар бир өлкөнүн, биздин мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды.

Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу.

Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү.

ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт.

Сөз иш жүзүнө ашуу касиетине ээ.

Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат.

Мен бардыгыңыздарды сиздердин улуу миссияңарды жогору чындык жана чоң жоопкерчилик менен алып барууңуздарды чакырам.

Урматтуу достор!

Сиздер билгендей, бул жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда.

Кыргызстандын төрагалык кылуусунун алкагында биздин өлкөлөрдүн ар кандай деңгээлдеги байланыштары тыгыз болгон.

Бул жылы Коргоо министрликтери, тышкы иштер министрлери, маданият министрлери жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо кеңештеринин катчыларынын жыйындары сыяктуу маанилүү саясий иш-чаралар өттү.

Иишкерлик чөйрөнүн форуму жана аялдар форуму болуп өттү.

Бүгүн биз сиздер менен бул медиафорумду өткөрүп жатабыз.

Башкы иш-чара – ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңеши үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтөт.

Кыргызстан дайым ар кайсы тармактарда, анын ичинде медиа тармагында дагы кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр.

Биз эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара аракеттенишүү жана тажрыйба бөлүшүүнү көздөйбүз.

Биз Бишкек медиафоруму бүт ШКУ аймагында медиакызматташуунун жаңы доорун ачуусун каалайбыз.

Урматтуу коноктор!

Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү.

Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат.

Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган.

Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат.

Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат.

Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат.

Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат.

Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот.

Кыргызстан – бул ачык коом.

Урматтуу достор!

Шанхай Кызматташтык Уюму жылдан жылга өзүнүн стратегиялык позицияларын бекемдеп, дүйнөдөгү эң абройлуу Уюмдардын бири болуп калды.

Уюмга Индия менен Пакистандын кошулушу менен ШКУ глобалдуу маселелерди чечүү үчүн ири дүйнөлүк трансаймактык бирикмеге айланды.

Бүгүн ШКУнун жоопкерчилик аймагы – бул 3 млрд адамдан ашуун калкы бар Евразиянын территориясынын 60 пайызынан көбүрөөк жери.

ШКУга мүчө мамлекеттер биригишип, бүт дүйнөлүк дүң продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн чыгарат.

ШКУ өз ара ишенимди бекемдеген, достукту жана жакшы коңшулукту карманган, мүчө мамлекеттердин ар тараптуу аракеттенишүүсүн бекемдеген маанилүү жана иштиктүү механизми болуп саналат.

Кыргызстан ШКУнун активдүү катышуучусу болуп саналат.

Биз ШКУдагы өзүбүздүн катышуубузду бардык векторлор боюнча өнүктүрүп жатабыз: саясий, экономикалык, коомдук-социалдык, гуманитардык жана маданий.

Кыргызстан үчүн ШКУга мүчө мамлекеттер экономиканы өнүктүрүү жана геосаясий коопсуздукту камсыздоо боюнча негизги өнөктөштөр болуп саналат.

Бул медиафорум – бири-бири менен баарлашуунун жана биздин өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн көрүүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүгү.

Сиздер Кыргызстандын таза абасы, суусу жана кооз табиятына көңүл кош калбайсыздар деп ишенем.

Биздин өлкөнү көрүп, дагы бир жолу келгиңер келет деген ишенимдемин.

Биздин досторубуз болуп, өзүңөрдүн өлкөңөргө Кыргызстан жөнүндө айтып берээриңерди билем.

Урматтуу Медиафорумдун катышуучулары!

ШКУ маалыматтык технологиялар кулачын жайып, коммуникация өрчүгөндө жаралган.

Уюмдун өнүгүүсүнүн учурдагы этабы маалыматтык технологиялардын тез өнүгүүсү жана ЖМКнын коомдук аң-сезимге болуп көрбөгөндөй таасиринин өсүүсүнө туш келди.

Белгилеп кетчү жагдай, Уюмдун ишмердүүлүгү, анын биргелешкен потенциалы көп тараптуу кызматташтыктын жана жетишкендиктердин жыйынтыктары, пландары жана келечеги жөнүндө маалыматтын деңгээли дүйнөдө гана эмес, ШКУ өлкөлөрүндө дагы салыштырмалуу төмөн болууда.

Ошондуктан биз бул Медиафорум пикир алмашуу жана бирдиктүү маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калат деп күтүүдөбүз.

Биздин максат – ШКУ жөнүндө объективдүү пикирди түзүү жана Уюмдун эл аралык коомчулукта имиджин бекемдөө.

Жибек жолу көптөгөн кылымдар мурда континеттерди бириктиргендей, бүгүн Шанхай духу Жер шарынын бүт материктерин жана элдерин бириктирүүдө.

ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана глобалдык чакырыктарга ээ экендигин эске алуу менен трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүү. ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМК катализатор боло алат.

ШКУ бирдиктүү маалымат аймагында позитивдүү контентке ээ экендиги абдан маанилүү.

Бул үчүн бардык негиздер бар – саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда күчтүү жаратмандык менен иш алып барылууда.

Мындай шартта ШКУга кирген мамлекеттердин медиа коомчулугунун конструктивдүү диалогунун ролу өзгөчө өсүүдө.

Бүгүн сиздер медиа дипломатиянын маанилүү ролун аткарып жатасыздар.

ШКУ ишмердүүлүгүн чагылдырууда сиздердин аракетиңиздерден анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү көз каранды.

Медиафорум массалык маалымат каражаттары ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн көп тараптуу механизмдерин түзүүнүн старты болуп калат.

Дал ошондуктан журналисттер жалпы ШКУнун мейкиндигиндеги бүгүнкү күндө ишке ашып жаткан бардык идеялардын, демилгелердин жана программалардын чагылдыруучусу болуп саналат.

Биздин улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана болбостон, талантуу журналист да болгон, ал бир ирет: «Биз баарыбыз бир кемедебиз, борт артында космостук чексиздик» деп жазган.

Саясий түрдүү айырмачылыктарга карабастан, биздин өлкөлөрдүн экономикалык деңгээлин өнүктүрүүдө баарыбыз биргебиз.

Ошондуктан Медиафорум жалпы кызыкчылыктардын духунда өтөт деп ишенем.

Урматтуу достор!

Сөзүмдүн аягында аталган Медиафорумду уюштурууда жана өткөрүүдөгү салымыңыздар үчүн бардык өнөктөштөргө чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Дагы бир ирет Медиафорумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иштерди, бардык талкууланган маселелер боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну каалайм.

Ийгиликтин кепилдиги, өлкөлөрүбүздүн жаркын келечеги – биздин күчүбүздө!

Баарыңыздарга ден соолук, ийгилик жана бакыт каалайм.

Сиздер келген ШКУнун ар бир өлкөсү гүлдөп өсө берсин!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: