Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси болуп Бактыгүл Исмаилова дайындалды. Ал буга чейин №12-Үй-бүлөлүк дарыгерлери тобун жетектеп келген. Белгилей кетсек, Бактыгүл Исмаилова УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (АКС) жетекчиси Сагынбек Исмаиловдун бир тууган карындашы.
Исмаилованын жолдошу да “Тез жардам” кызматында жетекчилик кызматта иштейт. Мына сага туугандашуу. Бизде бийликтегилер өлкөнү өнүктүрүү саясатын эмес, туугандашуу саясатын мына ушинтип гүлдөтүп жатат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ