Menu

«Бир Бол» партиясынын агитаторлору жарандарга 2000 сомдон таркатып жаткандыгы жөнүндө маалымат текшерилет

Бөлүшүү:

БШКнын Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу Ак-Өргө конушунун тургуну Малик кызы Нуржандан WhatsAppка келип түшкөн маалыматты текшерет. Ал «Бир Бол» партиясынын агитаторлору жарандарга 2000 сомдон таркатып жаткандыгын айтты.

Аял акчаны алып, саясий уюмдун өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен шайлоо дарегин өзгөрткөнүн мойнуна алган. Анын айтымында, күн сайын агитаторлор анын үйүнө келип, телефон аркылуу чалып, шайлоо күнү добуш бер деп кысымга алышат.

«Мен келген “Бир Болдун” агитаторлоруна, мен бул партияга добуш берүүнү көздөбөйм жана башка партияга добуш берем деп жооп бердим. Бирок, агитаторлор аларды коркутуп, эгер мен аларга добуш бербесем, анда саясий бирикмеге 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттүүмүн деп айтышты », – деди Нуржан Малик кызы.

БШК эгерде аял милицияга кайрылса, анда ал добушун сатып жибергенин мойнуна алгандыктан, айып пул төлөшү керектигин белгиледи. Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Тергөө иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: