Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор районунда кечээ, 10-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) жеңил жаракат алышкан.
Жерине КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ