Menu

“Чек арасыз кабарчылар”: 2018-жылы 80 журналист өлтүрүлгөн

Бөлүшүү:

2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 80ден кем эмес журналист өлтүрүлгөн. Тизмени эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялады.

Каза болгон журналисттердин теңинен көбү беш өлкөгө туура келет: Ооганстан (15 киши), Сирия (11), Мексика (9 ), Йемен (8) жана Индия (6 ). Укук коргоочулар Мексикада куралдуу жанжал болбогонуна карабай, журналисттер көп өлтүрүлгөнүн белгилешкен. 11 айдын аралыгында уруш жүрүп жаткан аймактарда жалпысынан 44 журналист мерт болгон.

Мындан тышкары учурда 348 журналист камакта. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети үч жылдан бери кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 250 журналист мамлекеттик түрмөлөрдө отурганын, алардын 33ү аял экенин маалымдаган.

Бул арада америкалык Time журналы “Жылдын адамы” наамын журналисттердин тобуна ыйгарды. Алар репортаж жасоодогу эр жүрөк кадамдары үчүн сыйга татышкан. Сыйлык ээлеринин арасында саудиялык маркум журналист Жамал Хашогги, Reuters агенттигинин Мьянмада кармалан журналисттери, The Сapital Gazette басылмасынын кол салууга кабылган кабарчылары, абакта отурган филиппиндик Мария Ресса жана “Эхо Москвы” радиостанциясынын кол салууга дуушар болгон башкы редактору Татьяна Фельгенгауэр бар.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: