Menu

Кой-Таш окуясы: Алга Кылычев бийлик алмашкандан кийин тергөө менен кызматташуудан баш тартты

Бөлүшүү:

“Элдик штабдын” мүчөсү Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча тергөө менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жана Социал-демократтар партиясынын тарапташтары билдиришти.

Маалыматтар, ал абакта жатканда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылып, жакындарын коркутуп-үркүткөндүктөн, тергөө менен кызматташууга аргасыздан макул болгон.

Буга чейин Амантур Жамгырчиев дагы тергөө менен кызматташуудан баш тартканы белгилүү болгон.

Буга чейин Алга Кылычев, “Элдик штабдын” башчысы Кыяс Смалиев, “Элдик штабдын” жигердүү мүчөсү жана КСДПнын мүчөсү Амантур Жамгырчиев, ошондой эле Кой-Таш айылынын эки тургуну башка айыпталуучуларга каршы көрсөтмө берип, мыйзамга ылайык, түрмө жазасынан бошотулушу керек болчу. Алардын бардыгы Атамбаевди күч менен камакка алуу операциясы учурунда анын резиденциясынын аймагында болгон.

Эске салсак, 2019-жылы 8-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын багыттагы аскерлери кезектеги чабуул учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Анын тарапкерлери Бишкектин борборунда митинг жана баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан. Бирок, укук коргоо органдары кырдаалды көзөмөлдөп турууга жетишти.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Жапырт башаламандык”, “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: