Бүгүн, 29-сентябрда Талас шаарынын мэриясында он чакты адам нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар майрамдык салтанаттарга тыюу салууга каршы болушту.
Акциянын катышуучулары “Биз иштегибиз келет!” деген плакаттар менен турушту. Үгүт иш-чараларын өткөрүүгө эч ким тоскоолдук кылбай тургандыгына, ал эми майрамдык салтанаттарды жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салгандыгына нааразычылыгын билдиришти.
Жарандар тыюу салуудан улам жүздөгөн адамдар жумушсуз калганын белгилешти. Акциянын катышуучулары менен жолугушуу үчүн мэриядан эч ким чыккан жок.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 оорусунун жаңы саны көбөйдү; бир күн мурун, акыркы жумаларда биринчи жолу өлүм менен аяктаган окуя катталды.
Республикалык ыкчам штаб массалык иш-чараларды, тойлорду, эскерүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга көзөмөлдү күчөтүү жана белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн жазаны күчөтүү тапшырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ