Menu

Иса Өмүркулов мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраганы калды…

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун өкчөгөн сакасы алчы түшпөй, бөк түшүп, маанайы чөгүп турган кез. Спикер болом деген үмүтү таш каап, фракция лидерлигинен да ажыраганы турат. Дегенибиз, спикер Дастан Жумабеков өткөн жумада президент менен жолугушканда бошой түшкөн басмайылын бекемдеп, убактылуу болсо да ордун сактап калыптыр. Ошону менен Иса мырзанын спикерге умтулган максаты көз жетпеген мунарык болуп, бийликке ичи чыкпай ыза болуп турган чагы. Бийлик “Бишкек шаарынын мэрлигине кимди алып келишти сага ыйгардык. Алчу устуканыңды алдың, эми жетет да” деген жообун бериптир. “Какаганга муштаган” дегендей, КСДПнын лидери экс-президент Алмазбек Атамбаев да Өмүркуловду «Кызыл килемге» чакырса келбей качып жолобой койгондуктан, «Кожобек Рыспаевдин артынан партиядан чыгарыласың, анан фракция лидерлигинен кетесиң» деген мазмунду камтыган кат жазып берип жибериптир. Ал аз келгенсип, спикер болушуна инилери (саяктар) «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов да каршы экен. Спикер болуш үчүн Сапар Исаковду Өкмөт башчылыктан чаап түшкөнгө чоң салым кошуп, эми эки ортодо чайналып турган учуру. Атамбаевге кечирим сурап барайын десе, президент Сооронбай Жээнбековдун каарына калат. Барбайын десе партиядан чыгарылып, этиң тургай табагыңды таап ал болот. Айтор, «мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраганы» калды…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: