Menu

Бишкекте газдын жарылуусунан жапа чеккен адамдын жана баланын ден-соолугунун абалы орточо

Бөлүшүү:

Бишкекте газдын жарылуусунан жапа чеккен адамдын жана баланын ден-соолугунун абалы орточо. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн жетекчиси Кандөөлөт Сарбанова билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын денелери күйүк алган. Сарбанованын айтымында, жапа чеккендер дарыланууну улантышууда.

Төрт бала Шаардык балдар клиникалык ооруканасында, алардын абалы канааттандырарлык. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 3 бейтап түшкөн. Бирөө каза тапты.

Эскерте кетсек, Бишкектеги үйлөрдүн биринде газ жарылып, анын натыйжасында 7 адамдан турган үй-бүлө жаракат алышты. Алар ооруканага 18-декабрдан 19-декабрга караган түнү түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: