Айыл жерлеринде жаш түгөйлөрдүн ажырашып кетүүсү көп болууда. Бул тууралуу 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди. «Өзгөчө айыл жерлеринде ажырашып кеткен жаш түгөйлөрдүн саны көп катталып жатат. СССР учурунда никеге туруу үчүн арыз берген жаштар менен бир ай маектешүү уюштурулчу» деди Карамушкина.
Жыйынга катышып жаткан Мамкаттоо кызматынын өкүлү өлкө боюнча бир айда 25 миң түгөй баш кошууга арыз берсе, 9 миңдейи ажырашууга арыз берип жатканын маалымдады. Ошол эле учурда депутаттын сунушун ишке ашыруу үчүн кызматкерлер жетишсиз экенин кошумчалады. «Никеге туруу үчүн арыз берген жарандар менен бир ай бою маектешүү жүргүзүүгө биздин кызматкерлер жетишсиз» деди аталган кызматтын өкүлү.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ