Menu

Бишкек ШИИББдин кызматкерлери жарандарга жайкы маалда үй коопсуздугун камсыздоону сунуштайт

Бөлүшүү:

Жайкы маалда жарандар эс алууга кетип, үйлөрү кароосуз калып, тоноо көбөйүүдө. Көп учурда үй ээлери жок болгондо, уурулук күндүзү кылынат. Ошондуктан, бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактысын ачыктоо Ички иштер органынын бирден-бир маанилүү тапшырмасы болуп эсептелет. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Жай мезгилинде жарандар эс алууга кеткенде же дачага убактылуу көчүшкөндө үйлөрү кароосуз калып, тоноого дуушар болушат. Ушуга байланыштуу, милиция шаардын тургундарына өз мүлкүн сактап калуу үчүн көбүрөөк көнүл бурушуна төмөнкүдөй сунушун бермекчи:

Жарандар батирлерине ишенимдүү темирден жасалган эшикти орнотуу зарыл. Сиздин турак жай төмөнкү кабаттарында жайгашкан болсо, терезеге торчо орнотуу керек. Бирок, батирди уурулардан коргоо боюнча дагы бир натыйжалуу каражаттардын бирине ойготкучтар жана камера көзөмөлдөө кирет. Турак жай уурдоо ыктымалдыгы төмөндөп, камера менен жабдылган үйлөр күнөөлүүлөрдү тез аныктоого жардам берет.

Үй-жайын калтырган маалда ишенген адамдарды көзөмөлдөп туруусун суранып, батирлердин ачкычын болсо жакын туугандарга же ишенген адамына таштоо кажет.

Көп учурда, батирлерди тоноону “кесипкөй үй уурулары” эмес, өспүрүмдөр, наркомандар, үйү жок адамдар ишке ашырышат. Ачкычты электр панелге, килемченин астына, почта кутучасына жана башка жерлерге калтырууга болбойт. Мындан тышкары, сиздин кеткендигиңиз жөнүндө кошунаңыз менен туугандарыңыздан сырткары, чоочун адамдар билбеш керек. Алардан турак жайыңызды көзөмөлдөп туруусун сураныңыз.

Үйдөн узак убакытка кете турган болсоңуз, баалуу буюмдарды тыштабаңыз. Аларды сактоого даярдалган жашыруун жайды чыгармачылык менен жасоого аракет кылыныз. Жөндөмдүү үй уурулары баалуу буюмдардын, акчалардын кайда сакталганын билишет жана уктоочу эмеректердин астынан, китептердин арасынан, муздаткычтан ж.б. жайлардан издеп башташат.
Үйдү тоноодон коргоо үчүн жөнөкөй коопсуздук мисалдарында эске алсак болот. Мисалы, үй-жайын калтырганда терезени, эшикти, балконду жабууну унутпаңыз. Жумуштан келгенде жарыкты күйгүзүүдөн мурун пардаларды жаап салыңыз. Анткени жөндөмдүү үй уурулары чыракты карап туруп, сиздин жашоо турмушуңуздун абалын түшүнүп койот.

Үйдү беш мүнөткө да ачык таштабаңыз. Батириңиздин эшигинде жип, ширенкенин талын байкаган болсоңуз, сиздин үйүнүзгө көз салып жатканын түшүнүңүз. Кошуналарыңызга эскертиңиз, ачкычын жоготкон болсоңуз, эртерээк кулпусун алмаштырууга шашыңыз.

Жарандардын массалык кетишине байланыштуу, милиция кызматкерлери үй тоноолорун алдын алуу максатында үй ээлерин сергек болуп жеке менчикти сактоого, кошуналардында мүлкүн көзөмөлгө алып, бардык иш-чараларды аткарууну суранат. Ушуга байланыштуу көйгөйлөр жарала турган болсо, төмөнкү телефондор менен милиция бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот:
Октябрь РИИБси– 0 (312) 54-41-84;
Свердлов РИИБси– 0 (312) 43-32-75;
Ленин РИИБси –0(312) 35-29-47;
Биринчи май РИИБси –0 (312) 56-60-43
102 кызматы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: