Menu

Фото – БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош облустук мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-октябрь күнү Борбордук Текшерүү Комитетинин төрагасы Жунус ажы Саранов Ош облустук мусулмандар казыятына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда казыяттын ишмердүүлүгү, бир жылдык иш планы, бухгалтериялык эсептөөлөрдүн ачык айкындуулуктары жана 1С программасын колдоно билүү иштери менен таанышкан.

«Былтыр Аалымдар Кеңешинин колдоосу менен казыяттын эсеп-кысап ишинде 1С программасы БТКнын бюджеттик эсебинен каржыланып, бардык казыяттарда ишке кирген. Программанын артыкчылыктары көп. Мында киргизилген ар кандай эсептөөлөрдү өзгөртө алышпайт. Учурда Ош облустук мусулмандар казыяты бул программаны кынтыксыз ишке ашырууда. Бардык аймактарда ушундай таризде иш алып баруу кажет», — деди Жунус ажы Саранов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: