Menu

Капитал

Бөлүшүү:

Кийин Такем өз уставы менен жармажарышкакетти… Кээ-кээ-де гана жазып калбаса, бирото-ло бизнести безгекке сайып иш-теп калды. Бир күнү ошол кез-дин ММК жалпы эрмеги, Аскар Акаевичтин Акүйүнөн телефон зьщылдап калды. «Султан Раев бекен?» деп телефондун ары жаты сурады, бери жагында тур-ган биз «ооба, Султан Раев» деп жооп бердик. «Тез келиңиз, сиз-ди президент чакырып жатат» деда. «Кайсы президент?» деп су-рапжибериш керекда… «Кайсы, кайсы, байке! Бир эле президент бар да, Аскар Акаевич!» деди телефондун ары жаты, телефондун бери жагындагы колубузду майда калтырак басты. «Өмүрү чакырбаган президент бүгүн эм-не чакырып калды?» деген суроо мээге сайылды да, калды. Дароо эле гезиттин тиркемесин ацтар-теңтер карай баштадык. «Жакын арада АААны сындадыкпы же ал тууралуу сын макала чыктыбы?» деп. Барактап-барактап ийдик бир боо гезитти. Кашайып, бир жума мурда эле Такемдин чоң сын макаласы чыккан экен, бу макаланы гезитке жарыялап жатканыбызда башкача окулду эле, жарыялагандан кийин «каш-кайып» таптакыр башкача окулду. «Президентти «оттон алып күлгө, күлдөн алып жерге» сал-ган бу макаланы жарыялап жат-канда кашайып каякты карадык эле?» деп замредакторум Мамат Сабыровго карайм, ал мени ка-райт. Анүстүнө «өлгөнгө көмгөн кылып», ушу учурда Бекен Наза-ралиевдан (кыргыз саясый кол-лажынын атасы) Иван Крамс-койдун «Христос в пустыне» деген картинасына коллажды да берип салыш керек эле да. Чел, ташка көчүк басып Христос оту-рат, ойлуу. Болгону Христостун башынын ордунда АААнын башы. Муну жарыялап жатканда баарыбыз жоон саныбызды чаап күлгөнбүз. Күлгөндүн шору ушу да. Мына эми анын штаб-квар-тирасынан «звандап»жатты, «ке-тегой» деп.

Санаабыз санга бөлүндү. Ма-•:ем экөөбүз бири-бирибизге рооолуу карап калдык. Айла атып турду. Эми эмне кылмак пек?.. Гезитке күчтүү макалась* же сүрөттү жарыялап коюп, •азар-Коргон тарапка сызып етмей Бекендин адаты бар эле. ашайып ал да эски адатын карал иш сапар менен кетип кален. Макем экөөбүздүн бири-би-абизди карашканыбыздан пай-• жок. Мен чыйрала түштүм да,

суроо берсе эмне деп жооп берем?» деген ой мээни чакчале-кейге салды. Айтор, «Кош, Ата Журт, уулуң кетти майданга» дегендей, «эх!» дедик да, чый-ралган бойдон Акүйгө жетип бардык. Көрсө, мени гана эмес, Табылды Эгембердиевди да ча-кырыптыр. Мына, жанатан жан-далбаска салган суроо туура бо-лупчыкты. АААТакемин макаласы боюнча чакырганы карандай чындыкка окшоп баратты. Таке-мин жанына басып келдим да, коркконго кош көрүнөт болуп, «Таке, баягы сиздин макалаңыз боюнча чакырса керек» дедим, ал да жүнү үрпөйүп чочуп туруп-тур. Жарма бизнеске кеткенден бери «дымып» эчтеке деле жаз-бай жүргөн Такем эми минтип «жылан чакпай, жылкы теплей» этектей макаланы жазып, башы-нан аягына дейре «Биринчи президентти» кок чыбык менен шы-бап калыш керек да. Такем жаз-ганда ар бир сөздүн ортосунда «мина замедленного действия» деген балекети жүрчү. Тим эле Эзоп оозуна түкүрүп койгондой күйдүргү жазаар эле. Окуган адам күлкү «терапиясын» алаар эле… Окуган адамга күлкү, аны гезитке баскан адамга «ни да күлкү» болуп турду. Жооп бериш керек… «Курч жерлерин кайчы-лап салсаң болмок экен» деп бу-шайман тарта баштады Такем… Таке өзү сындын стихиясына ки-рип алса, сөзсүз кармаган жердей кан, жазган жердин жалынан ала турган. Бу макала да бычак-тын мизиндей курч жазылганын «повторный» окуганда, болгондо да АААнын кабылдамасында тур-ганда экөөбүз тең сездик.

Айла жок. «Ушундай да курч жазасызбы?» дедам. «Минтап чакырып каларын кайдан билдим, Сүкө?!» деди Такем. Экөөбүз күйпөлөктөп турсак, бир маал-да Анарбек Бакаев (КГБнын то-рагасы) келди, Мейраждин-Зул-пуев (1-вице-премьер-министр) келди, тышкы иштер министри Эднан Карабаев келди… Айтор, беш-алтообуз чогулуп калдык кабылдамада. Токойго орт кет-се ыкташа калган айбандардай Такем экөөбүз барган сайын эле бир бурчка ыкталып калдык. «Макаланы КГБ да окуган экен да, АААнын абийирин эл аралык деңгээлде төгүп салган экенбиз да. Тышкы иштер министри кел-ген соц, «эми булардын катыгын бергиле» деп 1-вицеге тапшыр-ма берет го» деп шыпшынып калдык.

Бир маалда катчы кыз келип, «сиздерди Аскар Чукутаевичтан  ( агезде Аскар Чукутаевич Какеев президенттик администрация-нын башчысы эле) кабинетине өтсүн деди» деп калды. Экөөбүз биротоло түңүлдүк, «бу экөөнү көргөнгө көзүм жок!» деди ок-шойт» деп. Такем аркаман шы-бырайт: «Демейде, жазганды кайчылап калчу элец, менин да кызылуук менен жазгандарымы кайчылап салсаң болмок экен да…» деп. «Кырксам, «меникин эле кырка бересиц» дейсиз го… («Меникин эле кырка бересицер, кырка бересицер» деп Докем менен Такем коп наалып калар эле.) Мына эми толук бердик. Ая-гы эмне менен бүтөт… толук чы-гарганбыз» деп акырын Такеме шыбырадым. Ошентип турган-да баарыбыз Аскар Чукутаевич-тйн кабинетине кирдик. Аскар Чукутаевич баары менен жылуу учурашып, Такем экөөбүз менен да алар менен кандай учурашса ошондой эле жылуу учурашты.

Аскар Чукутаевичтан кабинета. Столдун эц четинен Такем экөөбүз орун алдык. Баарыбыз демибизди ичибизге жутуп оту-рабыз. Айрыкча экөөбүз. Орто-догу тынчтыкты Аскар Чукутаевич бузду.

– Урматгуу коллегалар, январ-дын жыйырмаларында Аскар Акаевичтин Израилге расмий иш сапары болот, баарыцыздар бу сапардын мүчөсүсүңөр, ушул маселени айтып коёюн деп сиздерди атайын чакырдым, – деди Аскар Чукутаевич. Бу сөздү уга-рыбыз менен столдун алдын-да турган буттарыбызды Такем экөөбүз бир тийиштирип алдык, «маселе башкада окшойт» дегендей. Көзүбүздөн чаар чымындай учуп жүргөн баягы жүрөксүнүү «таре» эле жарылгандай бодцу.

– Израилдин протоколун би-лесиздер, ото строгий. Баарыцар кара костюм, кара шым, ак кой-нок кийишициздер керек. Талап ушундай, – деди Аскар Чукутаевич. – Кимде андай костюм жок болсо, ачык айткыла баатырлар; – деп биз тарапты теше тиктеп карап койду.

Такем адаттагыдай эле мага шыбырады: «Сенин кара кос-тюмуц барбы? Меники жок» деди. Мен да андай костюмум жок экенин Такеме билдирдим. Бир маалда Такем: «Аскар Чукутаевич, Султан Раевдан кара костюму жок экен» деда да бир аз пауза кармап, «меники да жок…» деди.

– Эчтеке эмес, биз ЦУМдун ди-ректоруна телефон чалып кой-дук, ошол жерден алсацыздар болот, – деди Аскар Чукутаевич. Береги чоцдордун эч кимиси «лам»  дебеди, оозуна талкан салгандай унчукпады. «Бар» да, «жок» да дебеди. Айтор, Аскар Чукутаевич-тин кабинетинен ото жайдары чыктык. Акүйдөн да…

Эртеси эртелеп ЦУМдун ди-ректоруна Такем экөөбүз жетип бардык. Директор бизди эле кү-түп тургандай жылуу тосуп алды да, жогорку кабаттагы складга алып жөнөдү. Чынын айтканда, 1993-жылдары дүкөндө туздал-ган бадырац менен калай ка-шыктан башка эчтеке жок эле. Америкадагыдай Улуу депрес-сиянын мезгили. Дүкөндөрдү жылан сыйпап кеткендей акыбал турган. Кыйынучур эле…

ЦУМдун складындагы бир кынамда, бир борумда илинип турган костюмдарды коргондо көзүбүз чачырап кетти. Экөөбүз тец олчой баштадык. Такеме чак, мага чак костюмдар бар экен. А кезде бул костюмдарды «сирийский костюм» деп койчу. Кара, бирок күнгө чыксац суурдун тери-синдей жалтырап турчу. Экөөбүз экөөнү тандадык. Складчы костюмдарды кабына салып, колу-бузга карматты да, «ар бир кос-тюмдун баасы 21 миц сом» деди. Чочуганыман колуман костюмум түшүп кетти, «21 миц сом-бу?» деди Таке. «21» деди дүкөн-чү. Экөөбүз тец расмий сапардын мүчөсү болгондон кийин «бекер берет экен» деп ойлоп алыпбыз. Аттиц, коммунизмдин мезгили өтүп кеткенин ошерде түшүндүк, «бекер тезек да жок» деген рынок экономикасы келип калганын да таңазар албай жүргөн экенбиз, аны да ошерде түшүндүк. Ушу саам «ай ата, акчаны унутуп ке-ле бериппиз, анда алып келей-ли» деди Такем айласы кетип. Тим эле акчаны огородго көмүп салгандай «бак» этти. Колубузга кандай кармасак, ошондой кос-тюмдудүкөнчүгө карматтык.

Экөөбүздө тец андай акча жок эле. Такем жармачы-демократ, мен жазмач редактор. Мындай акча кайдан болсун?.. Бир чети «бу сапардан отказ кылып кой-сокпу» дедик, экинчи чета «ким-ге эле буюруп туруптур, президент менен Израилге барыш» деп, айтор акча издей баштадык. Спонсор издедик…

(Уландысы бар)

Султан Раев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: