Menu

Бүгүн Кыргызстанга Россиядан 100 дарыгер жана дары-дармектер келет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-июлда Бишкекке учак менен Россиядан дарыгерлер, медициналык жабдуулар жана дары-дармектер келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Россиялык адистер жергиликтүү медициналык кызматкерлерге жардам көрсөтүп, Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларда иштей турганы белгилүү болду.

“Алардын артынан эле Россиянын ӨКМинин 100гө чукул адистер жана коронавирус менен күрөшүүдө пайдаланыла турган дарылар жүктөлгөн учагы келет. Булар эпидемиологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, коронавирустук инфекция менен ооругандарды дарылоодо практикалык тажрыйбага ээ”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, алар мурдагыдай эле медициналык жардам бекер берилип жаткандыгын баса белгилешти.

Элчиликтин маалыматына ылайык, кайтарымсыз жардам эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүсү менен ишке ашырылды.

“Россия тарабынан көрсөтүлгөн жардам Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жайылышын токтотууга жардам берет деп ишенебиз”, – деди элчилик.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: