Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Лев Васильев мандатын тапшырды. Ал арызында мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алганын көрсөткөн.
Туугандарынын айтымында, Васильев пневмония менен ооруган.
Лев Васильев учурда 80 жашта. Ал Бишкек шаардык кеңешинин төрт жолку чакырылышынын депутаты болду. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси. Буга чейин ал 30 жыл Бишкек ЖЭБди жетектеген. II жана III даражадагы “Манас” ордендери менен сыйланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ