УИАнын Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык багы Бишкек шаарынын кайдыгер эмес жашоочуларын калааны жашылдандырууга, жакшыртууга багытталган «Аракетте болуу күнүнө” чакырат. 3-июнда боло турган иш-чарада Ботаникалык бактын сугаруу системасы калыбына келтирилип, сугат суусу жүрүүчү каналдары тазаланат. Бул туурасында академиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстан, Белорусия, Грузия, Россия жана Украина мамлекеттеринде май-июнь айларында Эл-аралык «Аракетте болуу күнү» демилгеси жана «Жаркын жашоонун шаарлары» ураанын алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылат. Максаты – климаттык өзгөрүүдөн улам болуп жаткан көйгөйлөргө шаар тургундарынын көңүлүн буруу, ошондой эле климаттык өзгөрүүгө байланышкан маселелерди убагынан кечикпей алдын-алуу болуп саналат.
Андан сырткары «Аракетте болуу күнү” иш-чарасы «Сөздөн ишке!» деген ураан менен Бишкек, Кутаиси, Могилев, Санкт-Петербург шаарларында жана Украинанын 11 шаарында өткөрүлөт. Бул күндөрү шаар тургундары калаанын тазалыгы, жашылдануусу, өнүгүүсү үчүн жапа тырмак иштешет.
Иш-чара эртең, Ахунбаев 1а көчөсү дареги боюнча саат 10:00дөн 14:00 гө чейин болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ