“Коронавирус 112ден ашык өлкөдө жайылды, Франция, Испания, Иран депутаттары бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Биздин депутаттар ошого карабастан чет өлкөлөргө сапарга чыгып жатышат. Сиз спикер катары тыюу салбайсызбы. Айрым депутаттарыбыз азыр Германияда жүрүшөт, ал эми Германияда 1000ден ашык киши коронавирус менен ооруп жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 11-мартта КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Дастан Бекешов.
“Жогорку Кеңешке экскурсияларды токтоттук. Эми иш сапарларды да токтотолучу. Туура болбойт го, кеткендер мейли, бирок келишкенде карантинге жатышсын, бир ай же эки жума болобу… Ушундай буйрук чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламенттер ушундай кылып жатышат да”, – деди Дастан Бекешов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ