Menu

«Талибан» кыймылы ооган-тажик чек арасына 7 миң жоочусун жайгаштырды

Бөлүшүү:

«Талибан» кыймылы ооган-тажик чек арасындагы 29 машыктыруучу базасына 7 миң жоочусун жайгаштырды.

Бул тууралуу Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмонали ВОМСА (Борбор Азиядагы чек араларды бекемдөө) программасынын 15 жылдыгына арналган иш-чара учурунда билдирди.

Анын айтымында, «Талибан» кыймылынын 6 миң 825 жоочусу Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө көчүрүлгөн, алар азыр Балх, Кундуз, Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы 29 машыктыруучу базада жайгашышкан. Раджабали Рахмонали жоочулардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары экенин кошумчалады.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырым. Түштүк бөлүгүндө куралдуу топтор чогулуп, Душанбени биртоп кабатыр кылып келет. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2017-жылы 30-ноябрда Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун сессиясында өнөктөштөрүн тажик-ооган чек араларын бекемдөөгө жардам берүүгө үндөгөн.

Чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмоналинин билдиришинче, 15 жылда ВОМСА программасынын алкагында Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын бекемдөөгө 43 миллион евро бөлүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: