Menu

“Чаарат Голд” Кумтөрдү сатып алуу ниетин ырастады

Бөлүшүү:

Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (“Chaarat Gold Holdings Limited”) Кумтөр алтын кенин сатып алуу ниетин ырастады

Компаниянын сайтында 1-майда жарыяланган маалыматта “Чаарат Голд” акцияларды 800 миллион долларга баалап жатканы айтылган.

“Чаарат Голд” компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин сатып алуу жөнүндө сунушун алгач апрелдин ортосунда билдирген. Андан кийин 25-апрелде “Centerra Gold Ink.” компаниясы бул сунушту кабыл албай, Кумтөрдү сатпай турганын жарыялаган.

“Чаарат Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец “Азаттыкка” “Центеррадан” Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүктө сатып алуу тууралуу сунуш киргизгенин бышыктаган.

– Учурда “Центерранын” акцияларынын 26,6 пайызы кыргыз өкмөтүнүн колунда. Биз кыргыз өкмөтү өз акцияларынын басымдуу бөлүгүн кендеги түз экономикалык кызыкчылыгына алмашуусун жана кендеги бардык экономикалык пайданын, дивиденддердин 50 пайызын алышын сунуш кылдык. Азыркы шартта кыргыз өкмөтү “Центеррадагы” акциялардын ээси катары компания дивиденд төлөсө гана экономикалык пайдага ээ болуп жатат. Биз биринчи күндөн тартып эле “кыргыз өкмөтү кенден түшкөн бардык дивиденддердин 50 пайызын алсын” деп жатабыз, – деген Артем Волынец.

Буга чейин экс-премьер Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр боюнча келишимге кол койгону үчүн аны бир катар депутаттар сынга алышкан. 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 миллион доллар бөлүп турмай болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: