2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мезгилинде Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып иштеген Эмил Үмөталиев абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу кубө катары УКМКга сурак берип чыкты. Сурактын чоо-жайы азырынча ачык айтылган жок. Белгилүү болгондой, Эмил мырза кыйын кырдаал учурунда Бакиевдер басып алган мамлекеттин мүлктөрүн кайра мамлекетке өткөрүүдөгү эл анчалык терең билбеген сырларды билет. УКМКга чакырылганынын себеби дагы ушул десек болот. Жакынкы күндөрү ал сырлар деле ачыкка чыгышы мүмкүн. Күтө туралы…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ