Menu

Чүй милициясы: Кой-Ташта Пакистандык студенттерди сабаган бейбаштардын өздүгү аныкталды, азыр аларды кармоо аракеттери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-июлда Аламүдүн райондук милициясына 1998-жылы туулган Пакистандын Ш.С аттуу жараны арыз менен кайрылып, аны Кой-Таш айылындагы “Жылуу-Булак” (“Теплые ключи”) эс алуу аймагында белгисиз бирөөлөр уруп, денесине жаракат келтиргенин жана аларга каршы чара көрүүнү суранган. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Андан башка ушундай эле мазмундагы арыздар менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И., жана 1996-жылы туулган Ш.А. аттуу Пакистандык студенттер да кайрылышкан.

Аламүдүн райондук милициясынын ыкчам тобу окуя болгон жерге дароо барганда, мушташкандар тарап кетишкен болот.

Бул факт Аламүдүн ИИБде Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестринде КР Кылмыш кодексинин 266-бейбаштык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки иликтөө өндүрүшү башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан бул мушташка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, азыр аларды кармоо аракеттери жүрүп жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 15-июль күнү Бишкекте окуп жаткан Пакистандык студент-дарыгер Аббас Саид коронавирус менен ооруп жаткан Бишкектиктерге ыктыярчы катары жардам берүү ниетин билдиргендиктен шаар бийликтери аны кааланын N95-мектебинде ачылган күндүзгү стационарга жөнөтүшкөн. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.

Күндүзгү стационарда иштеп жаткан студент-дарыгер Аббас Саид кечээ, 19-июлда достору менен тоого чыгып, Кой-Таш айылынын аймагында эс алып жатканда аны жана анын досторун мас кыргыз жигиттери тийишип сабап кетишкен.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн капчыгайында эс алып жаткан пакистандыктарга бир нече кыргыз жигиттери келип тийишип “бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр? Өз жериңерге кеткиле” деп кекетип, мушташ чыгарышкан. Натыйжада Аббас Саиддин мурду сынып, операцияга даярдалууда.

Аббас Саид кезек боюнча бүгүн, 20-июлда күндүзгү стационарга оорулууларга жардам берүүгө чыкмак, бирок анын ордуна өзү ооруканага түшүп калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: