Menu

Тажикстан президенти: Ванч районунун 53 жашоочусу террордук топторго кошулуп кеткен

Бөлүшүү:

2014-жылдан бери Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусуна караштуу Ванч районунун 53 жашоочусу, анын ичинде үч аял согуштук аракеттерге катышуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып кетип, террордук топторго кошулган.

Бул тууралуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 20-августта Ванч районунун жашоочулары жана активисттери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Рахмондун айтымында, 12 жоочу Тажикстанга кайткан маалда кармалган, жакында алардын сегизи сот алдында жооп берет.

“Муну менен катар 1992-жылдан тартып 2015-жылга чейин райондун 96 жашоочусу чет өлкөлөрдөгү диний жайларда бейрасмий түрдө билим алган. Алардын ичинен 92си мекенине кайтарылды, төртөө Египеттин борбору Каирде бейрасмий түрдө окуусун улантып жатат”, – деп кошумчалады тажик президенти.

Эмомали Рахмон шаршембиден бери Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунда иш сапар менен жүрөт.

Ар кыл маалыматтар боюнча эки миңден ашуун тажикстандык Сирия жана Иракка барып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларына кошулуп кеткен. Буга чейин алардын 300дөйү өлгөнү кабарланган. ИМ тобу жеңилгенден кийин көптөгөн тажикстандыктардын тагдыры эмне болгону белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: