Menu

Видео – Айбек Мырза: «Бабанов Таластагы алтын кендин башына Бажаевди ээрчитип келип, «ток бала» деп айткан. Бул факт»

Бөлүшүү:

“Эркин эл” саясий партиясынын теңтөрагасы Айбек Мырза Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келатканына көп жыл болду. Жакында эле Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча тегерек стол уюштуруп, ал коомдук пикир жаратты жана жаратууда. Эми алдыда боло турган Элдик Курултайга даярданууда. Ошол жыйындын алдында маек курдук.

Айбек Мырзага алгач Таластагы алтын кени боюнча суроо узаттык, тагырагы, ал маселе тууралуу кабыл алынган резолюциянын жыйынтыгы кандай болоорун жана ага бийлик реакция кылган, кылбаганын сурасак, ал андагы кабыл алынган резолюцияны президентке, премьер-министрге, спикерге, генпрокуратурага берип, жооп күтүп жаткандарын билдирди.  Бул маселе боюнча февраль айында Талас шаарында жыйын болоорун айтып, ушул маселенин башында Өмүрбек Бабанов тураары факт экенин айтты. Анткени ал Бажаевди алтын кенинин башына алып келгенин айтып, “ал ток” бала деген кебин мисал келтирди. Бабановдун достору, ЖК депутаттары Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаевдин да тегерек столго келбегенин себеби да ошол экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров, ЖК депутаттары Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков тууралуу жана алдыдагы парламенттик шайлоого партиясы катышаарын ачык эле айтты.

Айбек Мырзанын айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: