Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери!”

Бөлүшүү:

Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери!
Аксынын акими Медет Айдаралиев, КР Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев баш болгон бир топ жетекчилер Өзбекстан басып алган Кыргызстандын жерин Чала-Сарт, Могол деп чаташтырышканы аз келгенсип, такталбаган жер деп жарыя кылып жатышат. Дагы бир жолу маалымат катары айтам, Могол деген айыл ары 15 километр ылдый тараптагы Өзбекстандын кыргыз айылы. Ал эми Чала-Сарт болсо ошол өзбектер басып алган Сары-Булактын жанындагы айыл. Чала-Сарт Өзбекстан тарабынан тартып алынган айыл болгондуктан талаштуу айыл деп эсептесек болот. Бирок Сары-Булак талаштуу эмес, кыргыздын жери. Менимче ушул жетекчилер тарабынан атайын саясат жүрүп жаткандай. Ал эми райондук администрациянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар болсо Сары-Булак деп атап жатат.
Чала-Сарт деген сөздү элдин башын айлантуу үчү 18-март күнү райаким Медет Айдаралиев баштады. Бул киши КСДПнын адамы. Мындан бир жыл мурда 18 жаштагы баласы райборбордогу “Газпром” май куюучу станциясынан акча карактап кармалган.
http://osh.turmush.kg/ru/news:41700
Бул иш боюнча Айдаралиев убактылуу кызматынан да четтетилген.
http://kabar.kg/rus/personnel-policy/full/53701
Эми ушул киши жөн маалымат бербей элдин башын айлантып, ар кайсыны айтып жатат. Эртең ушул жерден өзбектер көгөрүп чыкпай койсо акимдин башы оорубайт. Бирок маселенин баары кыргыз тараптын позициясынын так эместиги, малыматтардын туура эместигинен келип чыгып жатат.
Урматтуу журналисттер! Абдишарип Бекилов агабыз, дагы бир топ Аксынын тургундары кайталап айтып жатат, биринчиден, ал жерди такталбаган жер деп айтууга негиз жок. Анткени анын ылдый жагындагы кыргыздын Чала-Сарт, Могол деген айылдарын өзбектер басып алышкан. Мына ошол жерлерди талаштуу деп кыргыздар талап кылса жарашат. Ал эми азыр өзбек аскерлер турган жер кыргыздын Сары-Булак деген жери. Такталбаган эмес эле тээ өзүбүзчө автономия алган 20-жылдардан кийин эле биздики болгон. 90-жылдарда өзбек тарап талаштуу деген жерлердин жолун тосуп, бизди Сары-Булакка чейин сүрүп салган. Анан кыргыз бийлиги Сары-Булакка алгач шагыл жол куруп, кийин 2002-жылдары асфальттап жатат. Кандай түшүнбөйсүңөр, такталбаган жер деп Атамбаевдин абийирин жабыш үчүн өкмөттүн атайын адамдары ушундай сөздү таратып жатат. А чындыгында бул жер Кыргызстандын Аксы районуна караштуу Сары-Булак деген жер. Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын жерине басып кирип келишти. Биз маалыматты туура жеткиришибиз керек. Азыр бизди дүйнө карап турат, Эл аралык уюмдар, ООН, РФ, АКШ сыяктуу гиганттар да жөн жатпай алар байкап турушат. Эгер биз өзүбүз маалыматтык жактан уттура берсек анда эртең бул жерден да ажырап калышыбыз мүмкүн.
Дагы бир жолу айтам, биздин мамлекеттин Сары-Булак деген участкасын Өзбекстан басып кирип алды. Бул факт. Ал жер эч кандай талаш-тартышы жок Кыргызстандын жери болууга тийиш. Ооба, демаркация боло элек, бирок ал кыргыздын жери!
Адилет Айтикеев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: