Menu

Саясий “соодалашуунун” “төркүнү” эмнеде?

Бөлүшүү:

Бийлик алмашкандан бери, Кыргызстанда саясий өңүттөн улам камакта жаткандардын тагдыры коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Алардын жактоочулары мыйзамдуу жол менен маселени чечүүгө аракет кылып, сот аркылуу ишти кайра карап чыгуунун аракетин көрүшүүдө. Бирок, ошол эле мезгилде мыйзамдан “аттап өтүп” “саясий туткундардын ” шылтоосу менен жеке керт башы үчүн саясий упай топтоп калууну каалагандар да четтен чыгууда.

Маселен, өткөөл мезгилдин экс президенти Роза Отунбаева Текебаевге ырайым берүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазды. Ал эми кайрылууга Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын лидерлеринин кол коюусу коомдук талкууга “жем таштады”. Айрымдар муну эрдик катары кубаттап жатса, башкалары популисттик кадам катары сыпаттоодо.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: “Отунбаеванын кайрылуусу мыйзамда көрсөтүлгөн тартип менен жазылган эмес. Ушундан улам президент кыйын акыбалга тушукту. Эгерде Текебаевди актап жиберсе, анда чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартыш керек болот. Ырайымды колдобосо, элге жаман көрүнүп калуу коркунучу бар. Отунбаеванын кайрылуусу шашылыш түрдө жазылгандыктан чийки болуп калган. Президенттин алдындагы комиссия деле эгер түшүнбөстүктөр болсо, Жогорку Кеңешке же Конституциялык сотко кайрылыш керек болчу. Анын үстүнө ырайым берүү президенттин укугу болгону менен ал жерде кандай учурда ырайым берүү боюнча эрежелер жазылган. Ошондуктан президент каалаган адамын бармагы менен көрсөтүп “мен ушуну бошотом”- деп айта албайт. Ага негиз болушу керек. Же соттолгон адам кайрылыш керек же башка бир орган кайрылышы зарыл. Мыйзамдын кемчилиги ушунда. Ал жерде “башка бирөө кайрылганга мүмкүнчүлүк берет”- деп жазылган. Бирок кимге укук берилери жазылбай калган. Демек, президенттин алдындагы комиссия Жогорку Кеңешке кайрылып, ал эми Жогорку Кеңеш кимдер кайрылууга акылуу экенин аныкташы керек. Азыр мен мыйзам долбоорун иштеп жатам. Ал жерде Акыйкатчыга укук берели деп жатам. Себеби, адам укуктары менен акыйкатчы иш алып барат. Азыр бир окуудан өттү, кабыл алынса баары түшүнүктүү болот. Мындан тышкары, президентке соттуулукту жоюу боюнча укук берели деп жатабыз” – деди.

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун Роза Отунбаеванын кайрылуусун «саясий соодалашуу» – деп атады. Ал аталган маселе боюнча өз оюн төмөнкүчө билдирди: “Мен Өмүрбек Чиркешович менен достук мамиледе жүргөн адаммын. Мунапыс берүүнүн принциптери Ырайым берүү мыйзамынын 14-беренесинде жазылып турат. “Соттолгон адам гана ырайым берүү өтүнүчү менен кайрыла алат” – деп. Ал киши “кайрылбайм” – деп бир эмес, эки жолу айтты. Анан эми мурдагы президенттин жана фракция жетекчилеринин кайрылуусун “саясий соодалашуу”- деп айтса болот. Шашып кеткен жагы да бар, анан “жаңы жылда чыгып калышы керек”- деген тапшырманы койбошу керек да. Бардыгы мыйзамдын негизинде болушу зарыл. Отунбаева министр болуп же башка кызматта жүргөндө Текебаевди карап жүргөнүн көргөн эмесмин. Менделе алардан кем күйбөйм. Бул мыйзамга туура келбеген нерсе, Отунбаева гуманитардык жакта жүргөн адам. Бирок фракция лидерлери мыйзам чыгаруунун чок ортосунда турат. Андыктан, бир фракция “бири-бирине колдоп кой”- деп сурана берсе, мыйзам анда эмне болот? Ошондуктан мен Текебаевдин мыйзамдуу жол менен акталып чыгышын каалайм. Ал эми ырайым берип бошотулушун каалабайм”.

Чындыгында эле, байкаган адамга экс-президент Отунбаева Жогорку Кеңештин фракция жетекчилеринин “башын айлантып” алгандай таасир калат экен. Болбосо, Турсунбек Акун айткандар өздөрү мыйзамдын “чок ортосунда отуруп” мыйзамды “айланып” өткүлөрү келген жоруктарын кандай түшүнсөк болот?

Ачык айтканда, Текебаевдин ырайым аркылуу эркиндикке чыгуу маселеси абдан эле саясатташып бара жаткандай. Болбосо, мыйзамда көрсөтүлгөндөй жол менен Текебаев өзү ырайым сурабагандан кийин мыйзамга “кол шилтеп”, ар андай чагымчылдык иш-аракеттерге баруунун кереги бар беле?

Турсунбек Акун “фракция лидерлерин туура эмес кадамдарга түртүп коюшкан. Президентти “коколоп”, кыласың деп таңуулап жатышат. Эми “силерди укпай койду, фракция лидерлери билдирүү менен чыккыла” – деп жатат. Бул эми провокация да. Экс-президенттер экөөбү тең тынч эле жүрсө болмок”, – деген пикирин кошумчалады.

Ошондой эле ал “10-декабрь адам укуктарынын декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата саясий туткундарды Жогорку Кеңеш аркылуу эркиндикке чыгарып салыш керек болчу. Жогорку Кеңештин ресурсун пайдаланбай жатабыз. Отунбаева “артык кылам деп тыртык кылды”. Президент Текебаевди туулган күнү менен куттуктады, жолугушууга уруксат берди. Отуз-кырктай адам ооруканадан жолукту. Мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. 60 жылдыгын өткөрдү. Бийлик жакшы көз карашта болуп атат. Мунапыс берүү боюнча мыйзам каралып жатат. Анан Текебаев өзү каалабай жатса, эмоцияга берилип, кырдаалды курчутуунун кимге кереги бар? Отунбаева сыяктуу эле Сооронбай Шарипович да Текебаевге күйүп жатат. Ал киши да жолун таппай атат. Өзү кайрылсын, мен чыгарайын, өзү кайрылбай жатат, – деген оюн ортого салды.

Укук коргоочунун оюн депутат Исхак Масалиев да кубаттап, Текебаевдин маселесинде “мен бошот дедим, тигил бошотпой койду”- деген саясий кызыкчылык болуп жатканын кошумчалады.

Реалдуу карай турган болсок, эмне үчүн экс-президент Роза Отунбаева бир гана Текебаев үчүн “жан тартып”, башка саясий туткун аталып жүргөндөр боюнча үн каткан жок? Балким, Текебаевдин абактан чыга турган күнү жакындап калгандан улам, ага күйүмдүү адам көрүнүп, босогодо турган парламенттик шайлоолордо “Ата-Мекендин” “чачпагын көтөрүп” депутат болом деген ою барбы? Текебаевди башкалардан “ак карга” кылып бөлүп албай эле, жалпы саясий туткун аталгандардын маселесин чогуу көтөрсө, анда башка кеп эле.

Кыскасын айтканда, Роза Отунбаева «бир ок менен эки коён аткысы» келип жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Ал өзүн Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшкөн акыйкатчыл адам көрсөтүү менен бирге, президент Жээнбековду элге Текебаевди бошотпой койгон адам катары сыпаттагысы келгени байкалып турат. Кандай болгон күндө да мыйзам баарына бирдей болушу керек. Андыктан “мыйзамды “аттап өтүп” Текебаевди бошотуп бериңиз” – деп президентке доомат артууга эч кимдин акысы жок. Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаеванын кайрылуусуна макул болуп Текебаевди абактан чыгарып койсо, анда мыйзам бузган болуп калмак. Андыктан президентти мыйзам бузууга түрткөн кайрылуунун өзү мыйзамсыз. Анткени, бизге азыр бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылганы маанилүү.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: