Menu

Тажикстанда ажылык сапардын баасы кымбаттады

Бөлүшүү:

Тажикстан Дин иштери жана салт-санааны жөнгө салуу комитети 2018-жылдагы ажылык сапардын баасын жарыялады. Ыйык Мекке жана Медина шаарларына зыярат кылууну каалагандар быйыл 3720 доллар төлөшү керек.

Былтыр ажылык сапардын баасы 3670 доллар болгон.

Дин иштери комитетинин маалыматына караганда, бул суммага учак билети, медициналык камсыздандыруу, тамак-аш жана мейманканада калуу, гиддин кызматы жана курмандык чалуу жөрөлгөлөрүнүн баасы кирет. Мындан тышкары зыяратчыларга чемодан жана кол баштык, Зам-зам суусу үчүн 5 литрлик идиш берилет.

Ажылык сапардын жолдомосунун кымбатташы кызмат көрсөтүүчү компаниянын бааларынын жогорулашына байланыштуу.

Быйыл каалоочулардын баары эле ажылыкка бара албайт. Кембагал үй-бүлө мүчөлөрү бул укуктан ажыратылышы мүмкүн. Буга чейин бийлик 40 жашка чыга электердин ажыга барышына тыюу салган. Дин иштери комитети зыяратка көбүнчө улгайып калган кишилерди жөнөтүү керек деген пикирде.

Жыл сайын Тажикстандан ажылык сапарга 6 миңден ашуун киши барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: