Menu

Гутеррешке орден тапшыруудан Кыргызстандын кадыр-баркы жогорулайбы?

Бөлүшүү:

– Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке Кыргызстан менен  БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Бул президенттин аргасыз аракетиби?

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын төрагасы: “Кайсыл кошкон салымын эске алып бергенин түшүнгөн жокмун”

– Президент А.Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысына “БУУ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” деп “Достук” орденин тапшырды. Мен анын кайсыл кошкон салымын эске алып бергенин түшүнгөн жокмун. Сыягы, А.Атамбаев куру баргандан көрө деп кыргыздын салттарына ылайык Антониу Гутеррештке белек катары эле берди окшойт. Анын бул кадамы салкындап кеткен мамилени жөнгө сала албайт.

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Атамбаев оңду-солду орден бергенди жакшы көрөт”

– Батышта орден алып, ошого карата мамилени өзгөртүү деген түшүнүк жок. Бул жөн эле Атамбаевдин өзүнө эле жаккан пиары. Негизи ал ыгы жок эле оңду-солду ордендерди бергенди жакшы көрөт. Мейли берсе бере берсин. Ансыз деле колунан келгени жалгыз ушул орден берүү болуп калды окшойт!

Алга Кылычов, коомдук ишмер: “Бул кадам да биздин мамлекеттин кадырын өстүрүүгө жасалган кадам болду”

– 2010-жылга чейин үй-бүлөлүк башаруудагы качкын бакиевдердин коррупциялык башкаруусунда дүйнө элинде кадыр баркыбыз өтө төмөндөп кеткени факт эле. Айрыкча Максимдин коррупциялык иштери биздин өлкөгө көлөкө түшүргөн. Башка элди айтпай эле коёлу, кошуна Россиянын президентти кой, отун суу министри да Бакиевди кабыл албай койгону айныгыс чындык. Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин бийликке келиши менен Кыргыз мамлекетинин кадыр-баркын чечкиндүү, убадага бекем турган аракеттери менен бир кыйла көтөрүп койду десек жанылышпайбыз. Кай мамлекетке барбасын жемиштүү жана тең ата мамиледе болуп келет. Европага болгон жемиштүү турнеси, президентибиздин чакырыгы менен Ангела Меркелдин келишин айтсак болот. Кечээ жакында Бириккен улуттар уюмунун 72-Башкы ассамблеясынына болгон иш сапары да жемиштүү болду. Президентибизге болгон сый-урмат ал жакта да болду. Эгер факт менен айта турган болсок, БУУнун баш катчысы А.Гутерреш ушунча элдин арасынан биздин өлкө башчыбыздын жанына басып келип учурашып жатканын көрүп, биздин мамлекетке болгон сыйы десек болот. Кезегинде биздин мамлекеттин атынан Алмазбек Шаршенович Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Албетте, бул кадам да биздин мамлекеттин кадырын өстүрүүгө жасалган кадам болду деп баса белгилеп айтсак болот.

Максатбек Казакбаев, активист: “Гуттерешке бул сыйлыктын кереги деле жок…”

– Атамбаев Гутеррешти сыйлаганын укпапмын. Эгер сыйлап жиберсе да Гуттерешке бул сыйлыктын кереги жок, анын ордени жок мамилени да чындабайт. Негизи эле Атамбаев ООНго неге барганын билбептир. Анын сүйлөгөн сөзүнөн максаты жок барганы көрүндү. Сүйлөгөн сөзүндө да президенттик шайлоону сүйлөп, мураскерине үгүттөдү.

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Бул кишинин кадамдарын түшүнүү чыны менен кыйын болуп калды”

-Бул кишинин кадамдарын түшүнүү чыны менен кыйын болуп калды. Ошон үчүн анын орденди кандай максат менен бергенин да биле албай жатам. Кыскасы, иш кылса да акыркы күндөрү логика жок болуп калды.

Сабыр Муканбетов, саясий серепчи: “Эски өнөктөштөрү колдобой койгону үчүн, албууттанып, долуланып жаткандай”

-Эми көңүл алыш үчүн алдын ала эле орденди ала барган болсо керек… Елбасы Влад экөө кыскандан улам, маселе өтө актуалдашып жатат. Эски өнөктөштөрү колдобой койгону үчүн, албууттанып, долуланып жаңы векторго жагынуу аракетин көрүп жаткандай.  Батышка, АКШга багыт алып, эски өнөктөштөрдү “кидать” эткиси келгенин АКШнын атайын кызматтары тарабынан “өтө коргой турган агент” деп “Викиликсте” жарыяланган адамды – Сапар Исаковду өкмөт башчы кылганда эле байкасак болмок.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Ал орден президентибиздин карандай калпын жумшартуу үчүн берилди”

– Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешти “ Достук” орденин сыйлоо туралуу ар кандай ойлор болушу мүмкүн. Бирок, менин оюм боюнча, бул орден, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн эмес, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүндөгү карандай калпын “жумшартуу” үчүн берилди десе да болот. Анткени, карызыбыз дүң продукциянын 65 процентинен өтүп кеткен кезде, биздин эконмикабыз өсүп, дүң продукциябыз 4 жарым эсеге көбөйдү деген калпын жайына коюп, ишенимиш болсо деген эле кеп болсо керек. БУУ үчүн Кыргызстан дүйнөдө таасирлүү мамлекет катары каралбайт, мамилеси муздайбы, муздабайбы ал БУУнун эмес, Кыргызстандын проблемасы. Башкача айтканда, БУУ болсо биздин мамлекетибизди Африканын жарды мамлекеттердин катарындагы мамлекет катары көрөт…

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: “Атамбаев акыркы күндөрү белек таркатуу менен эле алек болуп калды”

– Атамбаев акыркы күндөрү белек таркатуу менен эле алек болуп калды. Анан кантсин. Жөн отурбай айранга нан малып жеп турайын деген го.

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Кайсы салымы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгына ээ болду?”

– Жаңы эле келип ишин баштаган БУУнун башкы катчысы Гуттереш кайсы салымы үчүн КРнын мамлекеттик сыйлыгына ээ болду экен деген суроо туулат! Кайсы мамилени чыңдап жиберди экен?!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: