Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган аймакта жайгашкан Туюк-Төр аска-таш бетине тартылган сүрөттөр жайгашкан жерге барып (петроглифтер), учурдагы анын корголушу жана сактоо иш аракеттери менен жеринин таанышып чыкты.
Туюк-Төр петроглифтери Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан. Бул объект жакыныкы жылдары жаңы табылган. Аталаган маданий- тарыхый эстеликти сактап калууну камсыздоо жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл экендигин белгиленди.
Андыктан, алгачкы кезекте бул тарыхый маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүп, анын баалуулугун толук аныктоо зарыл экендигин айтылды.
Андыктан, бул багытта министр мыйзамга туура келбеген иш- аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга, өлкөдө сакталып калган археологиялык баалуулуктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, министрлик тиешелүү деңгээлде иш жүрө тургандыгын кошумчалады.
Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү жана уникалдуу эстеликтердин катарына Ур-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет.
Ошондой эле, министрдин иш сапары дагы уланат. Анда Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай- Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый- маданий мурас объекттери менен жеринен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ