Menu

1-июлдан тарта Казакстанда базалык пенсия өлчөмүн аныктоо тартиби өзгөрөт

Бөлүшүү:

1-июлдан тарта Казакстанда ар бир пенсионер үчүн базалык пенсия өлчөмү индивидуалдык түрдө аныктала баштайт. Учурда базалык пенсия эмгек стажына карабастан бардык улгайган адамдарга бирдей өлчөмдө төлөнүп берилүүдө.

Кийинки айдан баштап базалык пенсияны аныктоодо жарандын эмгек стажы негизги ролго чыгат. Бул тууралуу журналисттерге Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Светлана Жакупова билдирди.

Анын айтымында, эгер жаран бүгүнкү күндө пенсия алып жатса жана анын жалпы стажы (1998-жылга чейин) 20 жылды түзсө, анда анын базалык пенсия өлчөмү 20 жылга эсептелет. Ал эми ал 1998-жылдан кийин дагы иштеп, 15 жыл пенсиялык төлөм төлөгөн болсо, анда жалпы стажы 35 жыл деп эсептелет жана максималдык өлчөмдөгү базалык пенсияга ээ болот.

«Базалык пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунун 54% башталат. Бүгүн күндө ал бардык адамдар үчүн кепилденген. Эгер пенсионердин стажы 10 жылдан кем болсо, анда анын пенсиясы ошол эле жашоо минимумунун 54% болот. 10 жылдан кийинки ар бир жыл үчүн эки пайыздан кошулат», – деди министрдин орун басары.

Расмий статистикага ылайык, Казакстанда эки миллиондон ашык пенсионер бар. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эсеби боюнча, жашоо минимумунун 100% түзгөн базалык пенсияны өлкөдөгү пенсионерлердин 44% гана алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: