Бишкектин Ленин райондук сотунда башкалаабыздын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.
Сотто кылмыштын материалдарын кароо соңуна чыкты. Бул тууралуу 2-декабрда «АльтоГрупп» курулуш компаниясынын ээси Кубат Шаршекеевдин жактоочусу Санжар Сариев билдирди.
“Сот бүтөйүн деп калды. Эми жарыш сөздөр угулат, прокурорлор кандай жаза сурайт, кылмыш далилдендиби, жокпу, көрө жатарбыз. Эми алар айып коюудан баш тарта алышат же башкача квалификация кыла алышат. Менимче, биринчи койгон айыбы менен эле калышат окшойт”, – дейт юрист.
Бул иш боюнча 14 кишиге “Коррупция” беренеси боюнча айып коюлган. Бешөө камакта. Алар курулуш иштердин көлөмүн атайлап көбөйтүп, 12 млн 160 миң 641 сомго зыян келтиришкен. Албек Ибраимов мындан тышкары “Дастан” боюнча мыйзамсыз жер тилкелерин бергендиги үчүн айыпталууда. Эч кимиси күнөөсүн мойнуна ала элек. К.Кулматов бул ишти ойдон чыгарылып жасалган кылмыш иши катары баалап келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ