Таласта 16 жаштагы кызды зордуктаган шектүүлөр кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, окуя Талас шаарындагы токойдо, 23-ноябрда, түнкү саат 02:00 чамасында болгон. Жабырлануучунун 2003-жылы туулгандыгы тастыкталып, кылмышка шектелип эки жигит кармалып, үй камагына алынган. Учурда соттук медициналык-экспертизалар дайындалып, иликтөө шитери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ