ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Талантбек Исаевге Жазык кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү (“Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү”) боюнча шектелип сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Т.Исаевге карата козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталып, 3-декабрда кылмыш иши кыскартылган.
«Талант Исаев 2011-жылы 30-майда ИИМдин кадры катары жүргөнүнө карабай “Компания Манас Менеджмент” ЖАКтын вице-президенти кызматына дайындалган. Ал жактан директорлор кеңишинин чечими менен пайызсыз насыя алып, кайра төгүп берген. “Ички иштер органы жөнүндө” мыйзамга ылайык, органдын кызматкерлери пайызсыз алган насыяны ишкерликке жумшабаса, мыйзамга каршы келбейт»,-деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Эске сала кетсек, 26-ноябрда Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ