Өткөндө да жазганбыз, Абдирейим Кул-баев деген «көпөс» тууралуу. Кытайдан арзан жумушчу күчүн алып келип, Кыргызстанда акчага маарыгысы келип жатканын. Бирок, анын базардагы мыйзамсыз иш-аракеттери токтобой жатканын эшиттик. Тагыраагы, кытайдан келгендерди кайра кетирүү жаатын эч моюндабай атат. Ансыз да кытай экспансиясы күч алып турганда Кулбаевге окшогон куу тумшуктар жеке кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй кыргызга карата жасаган чыккынчылыгы менен эмненин башын кылтыйтканы жатышат? Кулбаевге баары бирби? Мамлекетиң, эркиндигиң, элдин эртеңки жашоосу, түпкүлүгүндө бабалар канын төгүп мурастап берген жер да Кулбаев үчүн түккө турбайбы? Эл менен эсептешкиси келбеген чунак киши бирди көргөнү калган го. Эгер аны каалап атса эркиндикти сүйгөн кыргыз эли ага тиешелүү шыбагасын берип коеору турган иш.
Булак: “De-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ