Жогорку Кеңештин Конститу-циялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов акыйкатчы Кубат Оторбаевдин 2016-жылдагы иши тууралуу баяндамасын угуп жатып, анын парламенттин бута чейинки жыйындарына системалуу түрдө келбей жүргөнүн сынга алып, отчетту жактырбоону сунуш кылды. Эске сала кетсек, акыйкатчы эки жылдан бери акыйкатчылык ишмердиги боюнча отчет бере элек. Буга дейре Жогорку Кеңешке такыр келбей, тоготпой койгону эл өкүлдөрүн нааразы кылган. Эми ошол кежирлигинин жообун алчу учур келди окшойт. Кыскасы, Оторбаевдин отчету жактырылбай, иштен кетээри белгилүү болуп калды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ