Menu

Аскат Максатбек уулу: “Биз Орусияда экинчи сорттогу эл болуп калдык”

Бөлүшүү:

– Аскат, «Орусияда экинчи сорттогу элдейбиз» дегениң катуу тийди…

– Мен өзүм Жалал-Абад облусунун кулунумун. Ата-энем токсонунчу жылдары мигрант болуп, мени да Орусияга ала кетишкен. Үчүнчү класстан кийин мектепти ошол жакта аяктадым. Жогорку окуу жайдын биринчи курсун дагы ал жактан окудум. 2010-жылдары кайра мекенибизге кайтып келип, жогорку окуу жайды бул жакта бүтүрдүм. Аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Жалал-Абадда облустук адмнистрацияда жарым жылдай эмгектендим. Эмгек акы өтө эле аз болгондуктан, кайрадан Орусияга аттанууга туура келди. Өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгү ошол жакта өттү. Жердештерибиз түрдүү оор кара жумуштарда иштешет. Биз Орусияда экинчи сорттогу эле эл болуп калдык. Жашырганда не? Ал жактам караганда, көзгө даана көрүнөт. Мен аларды көрүп, жүрөгүм ооруйт. Менин бир тууган байкем иш учурунда ошол жакта каза болуп, оор жоготууну да баштан кечирдик. Мекендештеримди көрүп жүрөгүм ооруйт. Коомдогу болуп жаткан нерселердин баары айланып келип саясатка такалат. Баарын жүрөгүмдөн өткөргөндүктөн, социалдык баракчама коомдогу саясый, социалдык, экономикалык көйгөйлөргө пикиримди билдирип, оң жагына чечилишине салымымды кошкум келет. Себеби, азыр аянтта митинг, пикеттердин саны азайды, бирок коомчулук өз пикирин социалдык түйүндөрдөн билдирүүгө өттү. Социалдык түйүндөр аркылуу чоң маселелер да чечиле баштады.

– Социалдык түйүндөрдөн айыппулдар тууралуу жакшы ойлоруңду айттың…

– Менин Финляндиядагы досторум «сенин мекениңде түкүрүк тууралуу мыйзам чыктыбы?» деген суроо узатып жатышат. «Ошондой чоң айыппулдар барбы? Силер мекениңерге түкүрөсүңөрбү?» деп күлүштү. Озүм Санкт-Петербург шаарынан келгениме эки жумадай эле убакыт болду. Дароо көзгө көрүндү. Биз алакандай болгон борбор шаарыбызды сүйбөйт экенбиз. Бизге түкүрүп коюш кадимки адат. Аба менен дем алгандай эле көрүнүш. Интеллигент, костюм шым кийген адамдарыбыз кычыраган кеңсесинен чыгып тамеки тартып, түкүрүп коё беришет экен. Эч уялышпайт, тартынышпайт. Мындай нерселерге темирдей тартип киргизип койгонду туура көрөм. Айлыктарыбыз аз экенин, жашообуз оор экенин түшүнөм. Бирок мындай мыйзам керек. Бул мыйзамдын мага тиешеси жок. Анткени түкүрбөйм. Жол эрежесин бузбайм. Таштанды таштабайм. Мыйзамды бузбасаң, бул айыппулдардын сага тиешеси жок. Коомчулук көтөрүлүп каршы чыгып жатат. Мен өзгөрүүнү каалабаган адамдар айыппулдарга, мыйзамдарга каршы чыгып жатканын ойлойм. Себеби, чиновниктерден биз талап кылып жатабыз. Бирок өзүбүздүн баскан-турганыбыз өзгөрүүгө татыктуу болбой келүүдө. Ушундай катуу чаралар менен жарандарыбыз айыппулду бир төлөйт, анан экинчи кайталабайт. Мындай айып пулдар керек. Анткени биз тапталып бүткөн мурунку жашообуздан өзгөрөбүз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: